"Эркин-Тоо"

Өзбекстан палестиналыктарга 1,5 млн доллар каражат бөлдү

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Израил жана Палестинадагы абал боюнча видеокайрылуу жасады.

Ал дүйнөлүк коомчулуктун күн тартибинде турган Израил менен ХАМАС кыймылынын ортосундагы согуш тууралуу сөз сүйлөп, эки тараптан тең каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, бул кагылышууда бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылып жатканын белгиледи. Ал Газадагы палестин калкына жардам берүү үчүн мамлекеттик казынадан БУУнун Жакынкы Чыгыштагы агенттигине 1,5 млн доллар каражат бөлгөнүн билдирди.

«Биз Палестина эли менен бирге экенибизди баса белгилейм жана БУУнун Башкы ассамблеясы менен Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган резолюцияга ылайык, көз карандысыз Палестина өлкөсүн түзүү укугун колдойбуз», — деген Өзбекстандын президенти.

Мирзиёев эки тарапта тең күч колдонуу улана берсе, бул согушка жаңы күчтөр тартыла турганын, натыйжада абал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экендигин эскертти.