"Эркин-Тоо"

Өзбекстанда бюджеттик каражатка жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынды

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов мамлекеттик органдарга бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салды.

Премьер-министр бардык мамлекеттик уюмдарга, ишканаларга, мамлекеттик үлүшү бар банктарга, ошондой эле администрацияларга бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен корпоративдерди уюштурууга, майрамдык дасторкон жайууга жана салют атууга тыюу салды.

Ошол эле учурда жетекчиликке жана кызматкерлерге өз каражаттарынын эсебинен майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынбайт.

Өзбекстандын өкмөт башчы былтыр да бюджеттин эсебинен майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!