"Эркин-Тоо"

Өзбекстанда май куюучу жайларда күндүз газ сатып алууга чектөө киргизилди

Өзбекстандын Самарканд облусундагы метан толтуруу станцияларында күндүз газ сатууга чектөөлөр киргизилгени тууралуу жергиликтүү журналисттер кабарлаган.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги автоунааларга газ толтуруучу айрым компрессордук станциялардагы күндүзгү чектөөлөр боюнча маалымат берди.

Министрликтин маалыматына караганда, жаратылыш газын бөлүштүрүү – өкмөттүн 2018-жылдын августундагы токтому менен бекитилген көгүлтүр отунду пайдалануу эрежелери тууралуу жобонун алкагында ишке ашырылууда.

«Мындан тышкары газдын бир сааттык, бир суткалык, бир айлык жана бир жылдык көлөмү газ куурларынын өткөрүү мүмкүндүктөрүн эске алуу менен аныкталат. Газдын көлөмү керектөөчүлөрдүн билдирмесинин негизинде түзүлөт жана алар менен түзүлгөн келишимдерде көрсөтүлөт», – деп жазылган.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, керектөөчүлөр газдын кошумча көлөмүн сурап кайрылса болот. Газ менен камсыз кылуу уюмдары газ ресурстарынын балансын жана газ бөлүштүрүү мүмкүндүктөрүн эске алуу менен кайрадан кароого укуктуу болушат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!