Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик медицина мекемесине заманбап робот-хирургиялык система орнотулганын билдирди.
Маалыматкан ылайык, Түштүк кореялык Meere компаниясы иштеп чыккан роботтоштурулган хирургиялык система жогорку тактык менен оор операцияларды минималдуу травма жана аз кан жоготуу менен жүргүзө алат. Бул технология бейтаптардын тез калыбына келишине шарт түзөт.
Серепчилер бул окуяны Өзбекстандын мамлекеттик медицина тармагында роботтоштурулган хирургия доорунун башталышы катары баалашууда.