Өзбекстанда “Түрк маданиятынын санариптик трансформациясы” темасында сессия уюштурулду. Бул тууралуу Түрк маданияты жана мурасы фондудан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган долбоор Түрк маданияты жана мурасы фонду жана Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) менен биргеликте даярдалган. Сессияга маданий мурас жана санариптештирүү жаатындагы эл аралык таанымал адистер чакырылган. Анда ТИКА менен Түрк маданияты жана мурасы фондунун ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишим түзүлүп, 2025-жылга пландалган биргелешкен долбоорлор талкууланып, «Венгрияда түрк мурастарын санариптештирүү» долбооруна өзгөчө көңүл бурулду.
“Сессияда Түрк архитектура изилдөө борборунун башкы катчысы Хасан Февзи Чуген Балкандагы түрк архитектуралык мурастарынын реставрация жана санариптештирүү долбоорлору тууралуу маалымат берди. Ал баяндамасында ТИКАнын колдоосу менен реставрацияланган Балкан, Түркстан, Сербиядагы маданий долбоорлорго токтолду. Сессияда санариптик технологиялар аркылуу түрк дүйнөсүнүн бай маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу маанилүүлүгү баса белгиленди” – деп айтылат маалыматта.