Жакында Өзбекстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кошулуу процессин тездетиши мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын Ташкенттеги элчиси Олег Малгинов “Россия 24” телеканалына берген маегинде билдирди.
«Учурда ЕАЭБ менен Өзбекстандын түзүмдөрүнүн ортосунда жумушчу топ иштеп жатат. Ал азыркы кездеги өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ЕАЭБге толук кандуу кирүү үчүн мыйзамдарды, жол-жоболорду жана башка нерселерди иштеп чыгууда», – деди дипломат.
Ошондой эле ал Өзбекстан бир эле учурда Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БСУ) да кошулуу маселесин талкуулап жатканын билдирди.