"Эркин-Тоо"

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга 26-январда келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга 26-январда келет. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

«Буга байланыштуу Соода-өнөр жай палатасы эки өлкөнүн бизнес кеңешинин жыйынын өткөрүүнү пландаштырууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, буга чейин Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга келип, мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганы кабарланган. Анын сапары 2022-жылдын 10-декабрында боло турганы айтылып, бирок кийинкиге жылдырылган болчу.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!