Ушул жылдын июль айында Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Анда кыргыз тилинин колдонулушунун жана тил саясатын мамлекеттик деңгээлде жүргүзүүнүн укуктук негиздери белгиленип, кыргыз тилин билүүгө жана өз ишинде колдонууга милдеттүү адамдардын тизмеси көрсөтүлгөн. Ага мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген, ошондой эле жеке менчик мекемелердин кызматкерлери да кирген. Жакында Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев мамлекеттик тил боюнча кабыл алынган жаңы мыйзамды ишке ашырууда айрым жетекчилер аша чаап жаткандыгын айтып чыкты. Анын айтымында “Кыргыз тест” мамлекеттик мекемесинин алдында кыргыз тилин билгендигин аныктагысы келген мамлекеттик кызматкерлердин узун кезеги түзүлгөн. Анткени, айрым жетекчилер кол алдында иштеген кызматкерлеринен кыргыз тилин билүүсү боюнча тестти талап кылып, эгер сертификат алып келбесе кызматтан кол жууй тургандыгын да айтышкан. Каныбек Осмоналиев тил мыйзамынын аткарылышындагы мындай ыкманын күч алганына өкүнөрүн билдирди.
Биз мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышында чынында эле ушундай абал түзүлдүбү деген суроо менен “Кыргыз тест” мамлекеттик мекемесине кайрылдык.
“Кыргыз тест” мекемесинин Уюштуруу бөлүмү учурда тынымсыз иш жүрүп жаткандыгын тастыктады. Учурда мекемеде күнүнө эки мөөнөт менен 40 мамлекеттик кызматкер тест тапшырууда. Ушул жылдын октябрь айына чейин тест тапшыруучулардын кезеги толуп калган. Бекитилген графикке ылайык, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, КР Энергетика министрлигине караштуу Отунэнергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратынын кызматкерлеринин жана Бишкек медициналык колледжинин окутуучуларынын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлүптүр. Жалпысынан мыйзам кабыл алынгандан бери 22-августка чейин 592 адам тест тапшырган. Бирок, тесттин жыйынтыгы кубантарлык эмес. Анткени, 592 кишинин 212си канааттандырарлык деңгээлге чыга албаган. Алар тестти кайрадан тапшыруу укугун алышып, ушул күндөрдө кыргыз тилин жакшылап өздөштүрүп жаткан чагы. Тесттен өтпөй калгандарга бир айга чейин даярдыктан өтүп, бир нече жолу тест тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет.
Азыр “Кыргыз тестке” мурда тесттен өтүп, бирок сертификатын албай жүргөн айрым жарандар арыз берип жатканы да белгилүү болду. Кыскасы, мыйзамдын аткарылышы өз нугунда жүрүп жатканы кубандырат.
Ал ортодо окуучулар жыл сайын жогорку класска көчүп жатканда кыргыз тилинен экзамен тапшыра турганы да айтылды. Бул эреже 1-класстан баштап 11-класстын окуучуларына чейин тиешелүү болмокчу. Мындай норма «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын 17-беренесинде так белгиленген. Мындан тышкары, кесиптик жана жогорку окуу жайларга кабыл алуу, ошондой эле бүтүрүү учурунда мамлекеттик тилди билүү деңгээли текшерилип турат.