3-июнь күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов Өзгөн жана Кара-Кулжа районунун эли менен жолугушуу өткөрдү.
Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары, мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилиги, ардагерлер жана райондук ички иштер бөлүмдөрдүн өздүк курамы катышышты.
Чогулуштун күн тартибине эл арасында жаралган ар кандай көйгөйлүү маселелерди талкуулоо, аларды чечүү жолдорун аныктоо, арыз-даттануулар боюнча натыйжалуу кызмат көрсөтүү маселеси коюлду.
Жыйында катышуучулар тарабынан көйгөйлүү маселелер тууралуу суроолор узатылды. Нурланбек Бурканов ар бир жарандын кайрылуусу боюнча башкармалыктын кызмат бөлүмдөрү өз ыйгарым укуктарына жараша иш жүргүзө тургандыгын белгилеп, КР «Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө» № 60 мыйзамдын талаптарына ылайык, мамлекеттик мекеме уюмдардын кызматташтыгын бекемдөө зарылдыгын айтып өттү.
Эске салсак, буга чейин КР Ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция менен коомдун ортосун жакындатуу, калкка сервистик тейлөө көрсөтүү чараларын жаңы деңгээлге чыгарып, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу, элдин арыз-даттанууларын жеринде мыйзам чегинде карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу, жардамга муктаж болгон бадык жарандарга ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырмасын койгон.
Жыйындын соңунда көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча протоколдук тапшырма кабыл алынып, тийиштүү кызмат, бөлүмдөргө жөнөтүлдү. Ушундай эле жолугушуулар Ош облусунун бардык райондорунда уюштурулмакчы.