"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Өзгөндө инкубациялык цех ачылды

Ош облусунун «Өзгөн балык чарбасынын» базасында карп жана чөп менен азыктанган балык түрлөрүн жасалма жол менен көбөйтүү максатында инкубациялык цехтин расмий ачылышы жана эксплуатацияга берүү аземи өттү.

Иш-чарага “Кыргыз балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын директору Эдиль Ниязов жана Кыргыз Республикасындагы Түркиянын кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA) программаларынын координатору Мехмет Бодур катышты.

Долбоор Түркиянын TİKA агенттигинин техникалык жана каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.