Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылында жайгашкан мектеп 37 млн сомго толук кандуу оңдоодон өтүүдө.
Мектептин чатыры жана терезелери толугу менен алмаштырылып, жылуулук системасы жаңыланып, ашканасы толук оңдоодон өтөт. Оңдоп-түзөө иштерин быйылкы жылга бүткөрүү пландаштырылууда.