Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Мамкурулуш) менен №100 кесиптик лицейи кызматташуу келишимине кол койду.
Ведомстводон билдиришкендей, келишимге ылайык окуу жайы Мамкурулуш тарабынан жүргүзүлгөн курулуштарга адистерди даярдап берет.
Кесиптик лицей кыска мөөнөттө ширетүүчү, электрик, электро монтаждоочу адистерди окутат.