№47 абактын жерине 10 миң батирлүү кичи район куруу пландалып жатат

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жеткиликтүү ипотекалык турак жай жана өлкөнүн тышкы карызын социалдык долбоорлор жана жашыл демилгелер менен алмаштыруу жөнүндө маалымат менен бөлүштү.

Белгиленгендей, 2022-жылдын майында Кыргызстандын министрлер кабинети менен KFW Германиялык өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргызстандын Германияга суверендүү карызынын шарттарын өзгөртүү жөнүндө «Карызды алмаштыруу IV – Турак жай программасы» Макулдашуусуна кол коюлган, анын алкагында 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү каражат этап-этабы менен «МИК» ачык акционердик коомуна (ААК) берилет.

«Бүгүнкү күндө 4,966 миллион евро өлчөмүндөгү биринчи транш берилди. Бул каражаттар «Карызды алмашуу IV – Турак жай программасы» макулдашуусунун алкагында өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан башкасы) жашаган жана иштеген, ишмердиктин түрүнө карабастан бардык категориядагы жарандарга жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүүгө жумшалат.

Ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольцко бул программаны ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет», — деди Султанбаев.

Ошондой эле Султанбаев бардык аймактарда «ГИК» ААКсы аркылуу жарандарга бериле турган жеткиликтүү турак жайларды (батирлерди) курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландаштырылып жатканын белгилеген.

Анын айтымында Бишкек шаарында мындай курулуш үчүн участоктордун бири мурдагы №47 түзөтүү колониясынын жери болуп саналат, анда 10 миң батирлүү кичи район куруу пландалып жатат.

Учурда бардык аймактарда жеткиликтүү турак жайларды куруу үчүн донорлор менен финансылык ресурстарды тартуу иштери улантылууда.

«Маалымат үчүн айта кетсек, эгерде мурда орто эсеп менен жыл сайын 1,3 миллиард сомго 1080 ипотекалык батир берилсе, «Менин үйүм 2021-2026» программасын ишке ашыруу алкагында бир жарым жылдын ичинде эле 2536 батир 6,2 миллиард сомдон ашык суммага берилген (2021-жылы 1,6 миллиард сомго 732 батир, 2022-жылы 4,6 миллиард сомго 1 800 батир). Ошону менен мурдагы жылдарга салыштырганда каржылоону үч эседен ашык көбөйтүүнү камсыз кылууга мүмкүн болду.

Ошондой эле мамлекет башчысынын өнөктөш өлкөлөргө жана каржы институттарына өлкөнүн тышкы карызын жашыл демилгелерди ишке ашыруу үчүн алмашуу боюнча кайрылуусуна алгачкы жооптор келип жатканын белгилей кетүү маанилүү», — деп белгиледи Султанбаев.

Президенттин басма сөз катчысы айрым өлкөлөр кыргыз тараптын демилгесине кызыгып, жашыл экономика тармагындагы конкреттүү долбоорлор менен министрлер кабинетинин программасын сунуштоо өтүнүчүн билдирип жатканын кошумчалады.

Пример HTML-страницы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

error: Content is protected !!