Ордолуу Ош шаарында 21-март күнү уюштурулган үч күн “Манас” айтуу жыйынтыкталды. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаар тургундары катышып, айтылуу манасчы Дөөлөт Сыдыковго жакшы ой-тилектерин айтышты. Мэр Дөөлөт Сыдыковго күч -кубат тилеп, ар дайым кыргыздын улуу табериги, зор сыймыгы, көөнөрбөс мурасы “Манасты” даңазалап, улуттун улуулугун даңктап жүрө беришине тилектеш экендигин билдирди. Шаар башчысы Т. Сарыбашов жеке үй-бүлөсүнүн атынан акчалай сыйлык тапшырды . Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлады. Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун үч күн “Манас” айтуусун жергиликтүү «ОшТВ» ТРКсы түз алып берип, Ош шаарынын тургундары жана көрөрмандар улуу эпостун кадыр- баркы менен нарк-насилине дагы терең ынанышты.
too.kg/?attachment_id=5038″ class=»wp-image-5038″/>
too.kg/?attachment_id=5040″ class=»wp-image-5040″/>
too.kg/?attachment_id=5041″ class=»wp-image-5041″/>
too.kg/?attachment_id=5042″ class=»wp-image-5042″/>
too.kg/?attachment_id=5043″ class=»wp-image-5043″/>
too.kg/?attachment_id=5044″ class=»wp-image-5044″/>
too.kg/?attachment_id=5045″ class=»wp-image-5045″/>
Р. Исмаилова