Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары парламентти кезексиз таркатуу тууралуу демилгечи топтун сунушун колдоп, 25-сентябрда өзүн-өзү таркаткандан кийин дароо сүрөөнчүлөр чыгып, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жана социалдык тармактарда шайлоого аттанган талапкерлерди колдогон посттор, сүрөттөр, видеолор, чакырыктар, билдирүүлөр байма-бай жарыяланып баштаган. Атургай, айрымдары кара пиар менен шугулданып, бири экинчисинин айыбын чукуганына күбө болуп жатканбыз. БШК билдирүү менен чыгып, үгүткө “старт” берилгенге чейин удургуп алгандарды кан буугандай эле токтотту.
Тактап айтсак, борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн жол-жоболору, мөөнөттөрү боюнча түшүндүрмө берип, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлерди каттоонун мөөнөтү аяктагандан кийин, добуш берүү күнүнө 20 күн калганда расмий башталарын билдирди. Ага чейин алабармандыкка алдырып, социалдык тармактарда кайсы бир талапкерди колдогон посттор, сүрөттөр, видеолор, чакырыктар, билдирүүлөр жарыяланса, ал мыйзам бузуу катары караларын айтты.
Албетте, БШК белгилеген маселелер туура. Анткени, Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 10-бөлүгүнө көз чаптырсак, шайлоо алдындагы үгүт деп таанылган маселелер так көрсөтүлгөн. Мисалы, тигил же бул талапкер үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр, айрым талапкерлерге карата колдогон билдирүү, талапкерди шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу, талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу – мыйзам бузууга жатат.
Ошондой эле Конституциялык мыйзамда кимдер үгүт иштерине катышат, кимдер катыша албастыгы да так көрсөтүлгөн. Ал нормаларга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер (Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кошпогондо) үгүт иштерине катыша албайт. Эгер Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузгандар болсо, аларга бир нече чаралар каралган. Атап кетсек, шайлоо комиссиялары жана башка мамлекеттик органдар алгач эскертүү берет. Ага болбой эле үгүтүн жүргүзө берсе айып пул салат. Ага да карабай тоңмоюндук кылса, талапкерди шайлоодон четтетет.
Мындан сырткары, бул сапар журналисттер менен блогерлерге да тоскоолдук жаралып калды. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине журналисттер, блогерлер, жеке жарандар катыша алышат, бирок мыйзам талабына ылайык сөзсүз түрдө талапкер менен макулдашуу жана келишим түзүшү зарыл болот. Тактап айтканда, талапкердин шайлоо фондунан каржылануу шарты менен гана үгүт ишин жүргүзөт.
Ошондой эле социалдык тармактын колдонуучулары дагы ушул эле тартипти сактоосу зарыл болот. Бул 22-берененин 11-бөлүгүндө жазылган. Мына ушул шарттарды көрсөткөн БШК шайлоонун үгүт иштеринин так белгиленген мөөнөттөрү жана жол-жоболору бар экенин эске салып, бардык маалымат каражаттарын, блогерлерди, жарандарды жана социалдык тармактардын колдонуучуларын мыйзамдын талаптарын сактоого чакырды.
Боршайком өкүлү Абдыжапар Бекматов жалпы элге кайрылуу жасап, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн мөөнөттөрү жана жол-жоболорун айтып, үгүт иштерин эрте баштагандарга чара көрүлөрүн белгиледи.
“30-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна саналуу күндөр калды. Шайлоонун негизги этаптары жүрүп жатканын көрүп жатасыздар. Шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүүнүн жол-жоболору боюнча ар түрдүү түшүндүрмөлөр тарап жатат. Мындан улам биз жол-жоболорго тактоолорду киргизүүнү туура көрдүк. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн мөөнөттөрү жана жол-жоболору так белгиленген. Башкача айтканда, талапкерлерди каттоонун мөөнөтү аяктагандан кийин гана жүргүзүлөт. Азыр социалдык түйүндөрдө үгүт иштерин эрте жүргүзгөндөрдү байкап жатабыз. Алар боюнча БШКнын алдындагы жумушчу топ тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Талапкерге добуш берүүгө үндөөлөр, кайрылуулар үгүткө жатат. Шайлоочулар арасында эртелей талапкерди үгүттөгөн сүрөт, видеолорду жүктөө дагы шайлоо тууралуу мөөнөттүк жоболорду бузууга жатат. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин катышуусуна тыюу салынат. Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузгандар үчүн чаралар бар. Алар эскертүү, айып пулдарды салуу менен эле чектелбейт, талапкердин жарыштан четтетүү да каралган” деди.
Барыбыз байкагандай шайлоону мыйзамдын талаптарына ылайык кылып, таза жана калыс өткөрүүгө бийлик тарабынан катуу аракеттер көрүлүүдө. Мамлекет Башчысы Садыр Жапаров 30-сентябрда элге кайрылуу жасап, мамлекеттик кызматкерлерди, мугалимдерди жана дарыгерлерди шайлоого аралашпоого чакырган. Кимде ким аралашкан болсо кызматтан гана четтетилбестен, катуу жазалана тургандыгын белгилеген.
“Ушул жерден айыл өкмөттөн баштап мага чейинки ар бир мамлекеттик кызматкерге, мугалимдерге, дарыгерлерге да кайрыла кетейин. Шайлоого аралашпаңыздар. Кимде ким аралашкан болсо, кызматтан кетип эле тим калбайсыздар. Катуу жазалайбыз. Талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салбайбыз. Чогулуштарга барып, талапкерлердин программасын угуп, анан жүрөккө жаккан талапкерге добушуңуздарды бере бериңиздер. Бирок үгүт иштерине катышпаңыздар. Баланча талапкерди өткөрөм, түкүнчө талапкерди жыгам деп чуркабаңыздар. Бул шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин мен өзүм көзөмөлдөймүн. Эгер кайсы бир округда адилетсиз иштер жаралган болсо, БШКнын териштирүүлөрүнө жеке өзүм барып катышам же комиссия түзүп, ишенимдүү кишилеримди жиберемин. Ар бир иштин жыйынтыгын калыс чыгарабыз” деген Президент.
Эске сала кетсек, Парламент өзүн-өзү таркаткандан кийин Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 30-ноябрга дайындаган. Учурда Борбордук шайлоо комиссиясы саясий өнөктүккө кызуу даярдык көрүп жатат. Кечээки күнгө карата шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын тизмеси 400дөн ашты. Аламан жарышка ат салышууга белсенгендердин арасында Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы чакырылышынын депутаттары, коомдук жана маданий ишмерлер, ырчы-чоорчулар бар. Тизме күн сайын уланууда. Элдин элегинен өтүүнү каалагандар 10-ноябрга чейин арыз тапшырса болот.
Кечээки күнгө карата Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшыргандар төмөндөгүдөй болду.
№1 шайлоо округунан 18, №2 шайлоо округунан 11, №3 шайлоо округунан 22, №4 шайлоо округунан 13, №5 шайлоо округунан 16, №6 шайлоо округунан 11, №7 шайлоо округунан 11, №8 шайлоо округунан 19, №9 шайлоо округунан 16, №10 шайлоо округунан 17, №11 шайлоо округунан 6, №12 шайлоо округунан 16, №13 шайлоо округунан 11, №14 шайлоо округунан 17, №15 шайлоо округунан 11, №16 шайлоо округунан 11, №17 шайлоо округунан 14, №18 шайлоо округунан 13, №19 шайлоо округунан 26, №20 шайлоо округунан 17, №21 шайлоо округунан 11, №22 шайлоо округунан 11, №23 шайлоо округунан 15, №24 шайлоо округунан 12, №25 шайлоо округунан 15, №26 шайлоо округунан 12, №27 шайлоо округунан 24, №28 шайлоо округунан 12, №29 шайлоо округунан 16, №30 шайлоо округунан 14 талапкер ат салышууга арызын берди.
Мажоритардык шайлоо системасы менен өткөрүлүп жаткан бул шайлоодо 30 округдан 90 депутат шайланып келет. Ар бир аймактан үчтөн эл өкүлү болот. Үч депутаттын бирөө башка жыныстан болушу керек. Тагыраагы, эки мырза, бир аял же эки аял болсо, бир мырза мандат алат.
Коомдук ишмер Бектур Асанов:
— Үгүт иштерин эрте баштаган талапкерлерди көрүп жатабыз. Ал гана эмес, акча таратып жатат деген сөздөрдү дагы угуп жатабыз. Мына ушундай мыйзамсыздыкка бийлик катуу чара көрүшү керек. Добуштарды сатып ала баштагандарды кармап туруп, катаал жаза берип, өтө катуу жазалаш керек. Мына ошондо эл ишенет. Мурунку тополоңдор, үч жолку төңкөрүш так ушул адилетсиз шайлоонун, добуштарды сатып алуунун айынан болгон. Мурдагы бийлик башындагылар добуштардын сатылышына “шанс” түзүп берген. Азыр ага жол берилбеши керек.
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков:
— Үгүт иштерин эрте баштагандарга чара көрүлүшү керек. Мен бул жерде бир маселени айта кетейин, буга чейин көтөрүп келе жатам. Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештердеги шайлоо мандаттарына чектөө киргизүү керек. Конкреттүү бир мисал айтсам, Бишкек шаардык кеңешинде Лисниченко деген 24 жыл депутат болгон. 24 жылдын ичинде Бишкектин ичи толугу менен талкаланып, парк аймактары, имараттар, бала бакчалар сатылып кетти. Акаев, Бакиев, Атамбаев эл тарабынан куулса да, бул депутат болуп кала берген. Мындайлар толтура. Жогорку Кеңеште, жергиликтүү кеңештерде он жылдап, он беш жылдап мандатын кучактап отурган депутаттарды көрүп жатабыз. Режим кулаганы менен мандатын сактап келе жаткан депутаттар азыр кайра эле шайлоого аттанып алышты. Биз буга чектөө киргизишибиз керек. Эки мөөнөттөн ашык шайланбашы керек, бул бир. Экинчиси, УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев жемкорлук менен соттолгон Раим Матраимовго кызмат кылгандар жоопко тартылат, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарга барбайт деген. Жогорку Кеңеш – бул эң жогорку бийлик бутагынын бири. Кечээ Матраимовдон тил кат менен акча алып жүргөндөр талапкер болуп шайлоого бара жатат. Аларды биз билебиз. Элдин үмүтүн актап шайлоону таза өткөрүшүбүз керек.
Зулпукаар Сапанов

