"Эркин-Тоо"

ҮРҮМЧҮДӨГҮ ОН КИШИНИН ӨЛҮМҮ…

Бир катар маалымат агенттиктер тараткан видео материалдарда жекшембиде (27. 11. 22.) таң эрте менен Кытай эл республикасынын эң көп калк жашаган Шанхай шаарында катаал карантинге нааразылыгын билдирип чыккандар: “Укук коргоо органдарынын кызматкерлери, силер өз элиңерге кызмат кылгыла!” “Эне-ата, бир тууган, үй-бүлө, балдарыңар барбы?! Эмнеге бей күнөө элге курал такайсыңар?!” “Полиция өз элине каршы чыгабы?!”, “Силер го иштеп, акча таап жашап жатасыңар, биз карапайым эл кантебиз?!” “Үч жылдан бери чектөөдөбүз!..” — деп нааразылык акциясына чыккан эл менен укук коргоочулар ушинтип тирешип турганын көрүүгө болот. Кытайдагы нааразылыктын толкуну 24-ноябрда Үрүмчүдө он кишинин өмүрүн алган өрттөн кийин ого бетер күчөдү. Үрүмчүнүн 4 миллион жашоочусу 100 күндөн бери пандемиялык чектөөлөрдүн шартында жашап, расмий бийлик тарабынан үйлөрүнөн чыкпоо көрсөтмөсү берилген. 15-кабаттан 17-кабатка чейин чалган өрттү өчүрүүгө үч саат убакыт корогон. Байкоочулар жарандык наразычылыктын масштабы чоң экенин айтып жатышат.

Associated Press (АР) маалымат агенттиги Швейцарияда бозгунда жашаган шинжаңдык Уйгур улутундагы адамдын видеосун жарыялаган. Анда Абдулхафиз Мухаммед Эминдин таяжеси менен балдары каза болгону маалым болгон: “Куткаруучулар, полиция келгенден кийин имаратка дароо кире алган эмес. Алар бийик тосмолордон ашып өтүүгө, кулпуланган эшиктерди ачып кирүүгө аргасыз болгон. Алар киргиче ичиндегилер ар кандай абалда каза болуп калган. Албетте, аны көргөн эл ачууланат да…” – деп маалымат берген.

Шанхайлыктар адегенде Шинжаңдын борбор шаарында көп кабаттуу турак үйдө чыккан өрттө сыртка чыга албай, аргасыз каза тапкан карапайым адамдарды эскерүү үчүн ишембиден жекшембиге караган түнү чогулган. Алар шам жагып, плакаттарды көтөрүп тынчтык митингине чыгышкан. Айрым адамдар Кытайдын мамлекеттик гимнин ырдап турушкан. Күбөлөр социалдык түйүндөргө бөлүшкөн видеолордон Үрүмчү деп аталган борбордук көчөдө “Си Цзинпин кетсин! Партиянын жетекчилери кетсин!” деген нааразычылык ураандардын жаңырганын да көрүүгө болот. Байкоочулар өлкө лидерлерине каршы пикирин билдирүү Кытайда сейрек көрүнүш экенин баса белгилеп айтууда. Расмий Пекин Шанхайдагы нааразылык акциясына тиешелүү материалдарды, талкууларды социалдык тармактардан дароо алып жок кылып жатканы кабарланууда.

Акыркы мезгилде Кытай бийлигинин “COVID-19”ду түптамыры менен жок кылуу саясатына каршы коомчулуктун нааразылыгы күчөп баратканы учкай айтыла баштаган. Өткөн жумада Кытайдын Гуанчжоу шаарынын көчөлөрүнө чыккан миңдеген киши азык-түлүк, күндөлүк эң керектүү товарлардын тартыштыгына, дүкөндөрдүн жабылышына, кирешеден куру калып жумушсуз калышканына, эң негизгиси өз убагында медициналык жардам ала албай кыйынчылыктарга кабылганын айтып нааразылыгын билдиришкен. 25 миллион калк жашаган Шанхайда да буга чейин эки айга толук карантин кирзилгенде азык-түлүк жетпей, карапайым эл каатчылыкка кептелген учурлар болгон.

Бахпурбек АЛЕНОВ

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!