"Эркин-Тоо"
«КЫТАЙ – ЕВРАЗИЯ» ЭКСПО – 2025 Эркин Тоо гезити

ҮРҮМЧҮГӨ БОЛГОН БЕШ КҮНДҮК ИШ САПАРДАН

Ушул жылдын 22–27-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркиядан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Кытай Эл Республикасынын Синьцзян Уйгур Автономиялуу районуна иш сапар менен барып, райондун шаар, кыштактарын аралап, элдин жашоо турмушу, саясий-экономикалык абалы менен таанышып келдик.

22-июнь: (Жекшемби күнү)

Бишкектен Үрүмчү шаарына учуп барып, мейманканага жайгаштык.

23-июнь: (Дүйшөмбү күнү)

“МӨҢГҮЛӨРДҮН АТАСЫ”

“Мөңгүлөрдүн атасы” же «Муз капкасынын Атасы» деп аталган Үрүмчү биотехнологиялык компаниясы – 2018-жылы Үрүмчүнүн жогорку технологиялык аймагында катталган инновациялык компания. Ал илимий изилдөөлөр, өндүрүш жана жаңы продуктыларды иштеп чыгуу менен алектенет. Синьцзяндын уникалдуу суу ресурстарына, булганбаган таза суу алуу жана вакуумдук таңгактоо боюнча патенттелген технологияларына таянып, компания дүйнөлүк премиум-класстагы “Мөңгүлөрдүн атасы” деген суусуна бренд түзүп, рынокто чоң суроо-талап жаратып келет.

Синьцзянда Кытайдагы дейтерийи (дейтерий – оор суутек, D жана 2Н белгилери менен белгиленет — атомдук массасы 2 болгон суутектин туруктуу изотобу. Ядро (дейтерон) бир протон жана бир нейтрондон турат.) аз болгон эң таза жаратылыш суусу бар. Ушул ресурстун негизинде компания ден соолукка пайдалуу суу өндүрүүгө адистешкен. Акыркы жылдары алар суу алуу жана таңгактоо технологияларын жаңыртып, сууну медицина, ден соолукту чыңдоо жана адамдын терисин жашартуу сыяктуу тармактарда да колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.

Компания учурда 10дон ашуун түрдүү продукция чыгарат: таңгакталган суу, мурундун гигиеналык эритмелери жана “Tetra Pak” таңгактарындагы суу. Суу Музтаг-Ата мөңгүсүнөн, геотермалдык (геотермалдык – тоо тектерден жана суудан турган жер кыртышынын астында магма деп аталган ысык эриген тоо тектеринин катмары) активдүүлүктүн таасири менен эриген булактардан алынат. Суу Музтаг-Ата мөңгүсү КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялуу районунда жайгашкан. Музтаг – Муз-Тоо дегенди билдирет. Анын курамында дейтерий өтө аз жана молекулярдык түзүлүшү кичинекей кластерлерден турат. Суу 304 маркасындагы дат баспаган, герметикалык тамак-аш резервуарларында, кош жылуулук изоляциясы менен ташылат. Бул анын +6°С температурасы менен сапатын камсыздайт.

Учурда компания 20 миллион юань инвестиция салып, аз дейтерийлүү мөңгү суусун чыгаруучу өндүрүш линияларын курган. Адамдарды ден соолукка пайдалуу суу менен камсыз кылуу жана дүйнөлүк бренд жаратуу миссиясы менен иш алып барып, компания Кытай Илимдер академиясы, Далянь технологиялык университети жана башка илимий мекемелер менен кызматташып келет. Илимий-өндүрүштүк ишкана катары бул компания жана анын негиздөөчү компаниясы – «Актоу Музтаг-Ата Мөңгү минералдык суусу» академиктердин катышуусунда эксперттик станцияны түзүүгө уруксат алып, ошондой эле көптөгөн улуттук патенттерге ээ болуп, Кытайдагы ден соолукту чыңдоочу суу тармагындагы эң жогорку деңгээлдеги жападан жалгыз станция болуп эсептелинет.

ҮРҮМЧҮНҮН ЭЛ АРАЛЫК КУРГАК ПОРТУ

Үрүмчүнүн эл аралык кургак порту – Азия менен Европанын экономикалык аймактарын байланыштырып турган маанилүү логистикалык түйүн. Ал учурда Кытай – Европа (Кытай – Борбордук Азия) багытындагы 21 поезд маршрутуна кызмат көрсөтөт. Бул маршруттар аркылуу Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш жана Чыгыш Европа аймактарындагы 19 өлкөнүн 26 шаары менен байланыш түзүлгөн. 2025-жылдын апрель айына карата жалпы 9400дөн ашык поезд жөнөтүлгөн. Болгону январдан апрелге чейин эле 380 поезд сапарга чыккан, бул Синьцзян боюнча жөнөтүлгөн поезддердин 86%ын түзөт. Ошондой эле 685 эл аралык жүк ташуучу унаа каттамы аткарылып, былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 22%га көбөйгөн.

Кытай – Европа поезддеринин логистикалык борбору катары Үрүмчүдөн чыккан поезддер Казакстанга 2 күндө, Орусияга 8 күндө, Нидерландга 16 күндө жетет.

Бул логистикалык борбордо Иу, Гуанчжоу жана башка шаарлардан келген товарлар, кийим-кече жана авто тетиктерди көрүүгө болот. Алар бажы текшерүүсүнөн өтүп, «темир жол экспресси» схемасы менен жөнөтүлөт: болгону бир эле декларация жана бир текшерүү талап кылынат. Бул чек арадагы кошумча чыгымдарды, контейнерлерди кайра жүктөөнү, аянттарды пайдаланууну жана ар бир станцияда өз-өзүнчө текшерүүлөрдү жокко чыгарат.

Үрүмчүнүн эл аралык кургак порту логистикалык борборду, аралаш жүк ташуу борборун жана башка функционалдык зоналарды өнүктүрүүнү улантып келет. Бул өз кезегинде жүктөрдү топтоо жана ташуу мүмкүнчүлүгүн улам кеңейтүүдө. Келечекте эл аралык кургак порту Кытай – Европа поезддеринин логистикалык түйүнү катары өз ролун кеңейтип, регионалдык өнөр жайды модернизациялоого көмөктөшүп, Синьцзянды «экономиканын транзиттик коридорунан» «экономиканын логистикалык түйүнүнө» өткөрүүгө багытталат.

ЖАПАЙЫ ЖЫЛКЫ

«Жапайы жылкы» корпорациясына таандык Синьцзяндын Байыркы Экологиялык Паркы – бул “Xinjiang Wild Horse Cultural Development Co., Ltd.” (Синьцзян Жапайы Жылкы Маданий Өнүктүрүү ЖЧКсы) тарабынан каржыланып, курулган экологиялык-маданий парк. Ал Үрүмчүнүн жогорку технологиялуу аймагында жайгашып, байыркы экологиялык түрлөрдү жана сейрек кездешүүчү ахалтекин жылкыларын өстүрүү менен мактана алат. Аталган парк «байыркы экология» жана «ахалтекин жылкылары» темасына арналган ири масштабдуу маданий-туристтик багыт катары өнүккөн.

Парк экологияны коргоо, маданий көргөзмө, илимий билим берүү жана туризмди бириктирет. Жалпы аянты 13 гектар жерди ээлейт. Ал Жибек жолунун табигый кереметтери менен маданий мурастарын, Синьцзяндын уникалдуу географиялык чөйрөсүн жана тарыхый мурасын көрсөтөт. Парк «Жибек жолу жандуу музейи» деп аталып, Синьцзян автономиялуу райондун маданий өнөр жайы боюнча үлгүлүү базасы деп таанылган. Бул объект – улуттук деңгээлдеги маданий туризмдин үлгүлүү базасы, орто жана башталгыч класстардын окуучулары үчүн илимий-тажрыйбалык билим берүү базасы жана ШКУнун маданий көрсөтмө борбору болуп эсептелинет.

Парк жыл сайын миллиондогон туристтерди кабыл алат. Паркта байыркы дарактардын, тактап айтканда окаменелый (окаменелый – ташка айланган. Дарыянын алдында калып ташка айланган токойлор) формасындагы «Populus euphratica» (чөл тереги) калдыктарынан турган миңге жакын үлгү камтылган. Алар өзгөчө токойду элестетет. Эң узуну 40 метрден ашып, 150-300 миллион жыл мурунку геологиялык доорлорду чагылдырат.

Бул парк Кытайдагы эң чоң ахалтекин жылкыларын багуучу борбор болуп саналат. Бул жерде таза кандуу ахалтекин жана башка асыл тукум жылкылары багылат – жалпысынан 18 түрдүү атактуу асыл тукум жылкылары бар. Паркта 4 чоң ат майданы, машыгуу аянтчалары жана аттар үчүн бассейндер кызмат көрсөтөт. Туристтер бул сулуу жылкы жаныбарларын жакындан көрүп, салттуу ат спортуна күбө болуп, баа бере алышат.

Парктагы Жапайы Жылкы Өнөр Галереясында чет элдик жана Синьцзяндык сүрөтчүлөрдүн тарткан сүрөттөрү, скульптуралар жана башка чыгармачылык эмгектери коюлган. Көргөзмөнүн темалары Жибек жолу, жаратылыш экологиясы жана этностук маданияттар менен байланыштуу. Паркта миң жылдык чөл теректеринин көчүрмөлөрү отургузулуп, Синьцзяндын чөл экосистемасын калыбына келтирүүгө жана экологиялык аң-сезимди жогорулатууга багытталган иштер жүргүзүлүп келет.

Синьцзян Байыркы Экологиялык Паркы – бул жөн гана туристтик жай эмес, ал илимий изилдөөлөр жана билим берүү багытындагы маанилүү база болуп да саналат. Ал байыркы геологиялык табылгаларды, сейрек кездешүүчү өсүмдүк жана жаныбарларды, Жибек жолунун маданий мурастарын көрсөтүү менен табигый илимдерди таанытып, Синьцзяндын көп түрдүү маданиятын даңазалайт. Бул парк өткөн тарых менен азыркы доорду, жаратылыш менен адамзатты байланыштырып турган табийгый өзгөчө көпүрө деп айтсак жаңылышпайбыз.

Чэнь Чжифэн, «Жапайы Жылкы» компаниясынын башчысы, өзүн «ат багуучу» деп эсептейт, анткени ал жылкыларды абдан жакшы көрөт. Ал сейрек кездешүүчү ахалтекин породасындагы «асмандагы жылкыларды» багып, коргоо иши менен алектенет.

Чэнь Чжифэндин ишениминде, жылкылар – бул маданияттын гана белгиси эмес, Борбордук Азия, Евразия жана дүйнө элдерин байланыштырып турган көпүрө. Ал жылкы маданияты аркылуу эл аралык байланыштарды өнүктүрүп, соода, кызматташтык жана достукту бекемдөөгө ишенет. Ал: «Мен ат багуучу катары Синьцзянды өнүктүрүүгө жылкылар аркылуу салым кошкум келет!..» дейт. «Жапайы Жылкы» компаниясында негизинен кыргыздар менен казактар көп иштешет.

24-июнь: (Шейшемби күнү)

ЧАНЦЗИ ШААРЫНДАГЫ «ЦЗЮ ШЭН ХЭ» КОМПАНИЯСЫ

Синьцзяндагы «Цзю Шэн Хэ» үрөөнчүлүк компаниясы 2003-жылы негизделген. Бул улуттук деңгээлдеги алдыңкы агро-өнөр жай ишканасы болуп, буудай, жүгөрү, пахта жана жашылчалардын жаңы сортторун селекциялоо, үрөөн өндүрүү жана сатуу менен алектенет. Компаниянын жалпы активдери 2,17 миллиард юань, 2023-жылдагы кирешеси 870 миллион юанга жеткен. Үрөөн сатуу көлөмү боюнча Кытайда 9-орунда, буудай боюнча алдыңкы 4, пахта уругу боюнча алдыңкы 5 компаниянын катарына кирет.

Компания үч негизги тутумду түзгөн: «чоң илим», «чоң өндүрүш» жана «чоң базар», деп өзүнө мүнөздүү бизнес-моделди калыптандырган.

Чоң илим: компаниянын өзүнө караштуу 8 селекциялык тобу жана 132 өнөктөш командасы, 140 илимий кызматкери бар (14 илим доктору, 40 магистр). Кытай боюнча 15 негизги сыноо станциясы, 34 экологиялык бекет жана 214 эксперименталдык пункт уюштурулган. Жалпы 50 000ден ашык селекциялык материал үлгүлөрү сакталган, 300дөн ашык жаңы сорт чыгарылган жана 120дан ашык өсүмдүк сорту боюнча патент алынган. Жыл сайын илимий изилдөөгө болжол менен 80 миллион юань (кирешенин 8–10%) сарпталат.

Чоң өндүрүш: компания Кытайда 50 000 гектар туруктуу үрөөн өндүрүү аянтына ээ. 11 заманбап урук заводу бар, анда 16 автоматташкан өндүрүш линиясы иштейт (жылдык кубаттуулугу – 300 000 тонна). 2024-жылы Синьцзяндын Бачжоу шаарында заманбап пахта үрөөнүн кайра иштетүү технопаркы ишке киргизилип, өлкөдөгү эң алдыңкы акылдуу өндүрүш базасына айланган.

Чоң базар: компанияда 20дан ашуун адистештирилген рыноктук сервис борбору, 2000ден ашык дистрибьютер жана 10 000ден ашуун демонстрациялык фермердик чарбалар бар. Продукциясы Кытайдагы 18 провинцияга таркатылат. Компаниянын айрым сорттору түшүмдүүлүк боюнча рекорд жараткан. 2015-жылдан бери компания Казакстан менен айыл чарба тармагында кызматташып келет. Ошондой эле ал 10дон ашык эл аралык илимий мекемелер менен өнөктөштүк түзүп, «Борбордук Азия айыл чарба сортторун өркүндөтүү жана илгерилетүү боюнча Инновациялык академияны» негиздеген. Бул иш-аракеттер «Инновациялык Кытай» программасынын алкагында жүргүзүлүп келет.

ЧАНЦЗИ ШААРЫНДАГЫ АЙЫЛ ЧАРБА БОЮНЧА ДЕМОНСТРАЦИЯЛЫК ЗОНА

Кытайдагы мамлекеттик деңгээлдеги 9 айыл чарбага багытталган жогорку технологиялуу зоналардын бири болгон Чанцзи айыл чарба демонстрациялык зонасы – Синьцзяндын айыл чарбасындагы инновациялардын булагы жана сапаттуу өнүгүүнүн локомотиви болуп эсептелет. Бул жерде 56 илимий-изилдөө платформасы иштейт, алардын курамында 20дан ашык академик жана 2800дөн ашык илимий кызматкерлер эмгектенет.

Интеллектуалдык талаалардагы технологиялык кереметтен — пахтанын түшүмдүүлүгү 750 килого чейин өсүп, тармактын өсүшүнө түрткү берген 66 алдыңкы ишкана, 1000ден ашык илимий жетишкендиктердин ишке ашуусу, өлкө боюнча жайгашкан 130дан ашык демонстрациялык базалары – бул зонанын ар бир жетишкендиктери көп улуттуу окумуштуулардын эмгеги менен ийгилик жаратып жаткандыгын далилдеп турат.

Чанцзи айыл чарба демонстрациялык зонасы – 4А деңгээлдеги туристтик аймак. (Туристтик аймактардын контекстинде 4А зонасы өсүмдүктөрдүн суукка туруктуулугун аныктаган климаттык классификацияга тиешелүү. Бул учурда 4А зонасы (же көбүнчө 4-зона) кышкы минималдуу температура -34°Cден -29°Cге чейин өзгөргөн аймактарды көрсөтөт. Бул зонага ылайыктуу өсүмдүктөр кыш мезгилинин кыйла катаал шарттарына туруштук бере алышы керек дегенди билдирет.) Бул зона заманбап агротехнологияларды гана эмес, эл аралык достукту да чагылдырат. Айыл чарба көргөзмөлөрүнөн тартып, туризм, онлайн соода (e-commerce стриминг), кемпинг аймактары бар көп функционалдуу зона. Аталган парк жаратылыш пейзаждары менен маданий объекттерди гармониялуу айкалыштырып турат.

Бул зонадагы объектилер:

  • Көргөзмө павильону – 12000 м²
  • Эл аралык конференц-борбор – 40 000 м²
  • 18 интеллектуалдык жылытуучу теплица
  • 50дөн ашык түрү камтылган дарак аллеясы (алма, эмен, кайың ж.б.)

2010-жылы ачылган тропикалык күнөскана – коноктордун эң жакшы көргөн жери. Бул жерде 1000ден ашык сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр, анын ичинде жемиш берген экзотикалык мөмөлүү дарактар өстүрүлөт.

Жаңы ачылган тематикалык павильондор:

Географиялык, зоологиялык, энтомологиялык жана океанариум – жаш муун үчүн жаратылышка терезе ача алат. Билим берүү программалары 100дөн ашык мектеп менен кызматташат, жыл сайын 100 000ден ашык окуучуну тейлейт. Акылдуу айыл чарба павильону (16 000 м²) – 90% жергиликтүү жабдуулар менен жабдылган жана 50дөн ашык патентке ээ. Бул жерде 5000ден ашык сенсор жана жасалма интеллект AI-алгоритмдери өстүрүү шарттарын так көзөмөлдөп турат. Сууну кайра айландыруу системасы 95% сууну үнөмдөйт. Бионикалык спиралдуу жөөктөр жана контейнердик фермалар жашылчалардын өсүү мөөнөтүн 70 күндөн 25 күнгө чейин кыскартып, түшүмдүүлүктү 50 эсе көбөйтүүгө жетишкен. Органикалык жашылчалар Үрүмчү, Чанцзи, Пекин жана Шанхайдагы дүкөндөрдү камсыздайт.

БАЙЫРКЫ ЦЗЯОХЭ ШААРЫ

Цзяохэ шаарынын урандылары – Турфан шаарынын Гаочан районунан 10 км батыш тарапта, Ярнайз капчыгайындагы 30 метр бийиктикке жайгашкан платодо (деңиз деңгээлинен салыштырмалуу бийик жайгашкан жана коңшу аймактан тик эңкейиштер менен бөлүнгөн түздүктө) орун алган. Эки тарабын дарыя капчыгайлары курчаган платонун формасы Түндүк-Батыштан Түштүк-Чыгышты карай сунулган тал жалбырагын элестетет. Узундугу – 1750 метр, эң кенен жери – 300 метр, жалпы аянты – 37,6 гектар. Бул – Кытайдагы эң чоң жана эң жакшы сакталып калган чопо кирпич архитектурасынын эстелиги.

Б.з.ч. 60-жылы Батыш Хань династиясынын өкмөтү Сиюй дубандыгынын протекторатын (Протекторат – мамлекеттер аралык мамилелердин формасы, мында бир мамлекет (протекторат) башка мамлекетти (протекторат) өзүнүн коргоосуна алат, ал формалдуу түрдө ички иштерде өз алдынчалыгын сактап, бирок иш жүзүндө эл аралык мамилелерде, өзгөчө коргонуу жана тышкы саясатта протекторго баш ийет) негиздеп, Сиюй аймагын расмий түрдө Кытайга кошкон. Андан соң Цзяохэ шаары Гаочанга (IV–VII кк.), Тан династиясынын Батыш округуна (VII–VIII кк.), андан кийин Уйгур Гаочан мамлекети (IX–XIII кк.) курамына кирген. Б.з. 640-жылы Тан династиясы бул жерде Анси протекторатын негиздеген. Бул аймак Теңир-Тоонун түштүк тарабы менен Батыш аймактын административдик, аскердик, транспорттук жана диний борборуна айланган.

Цзяохэ шаары үч негизги бөлүктөн турат: эски шаардын урандылары, капчыгайдын түндүгүндөгү көрүстөн жана батыш тарабындагы көрүстөн. Жалпы аянты – 680 гектардан ашат. Бул жерде эл жашоочу кварталдар, кампалар, мамлекеттик имараттар, ибадатканалар, көрүстөндөр жана чоң сарайлар сакталып калган. Шаардын түндүк жана батыш тарабында Чэши мамлекети жана Цзинь, Тан доорлорунун көрүстөндөрү жайгашкан (2 км² аянтты ээлейт). Байыркы Цзяохэ шаары б.з.ч. II кылымдан б.з. XIV кылымына чейин жашап келген. Ал Чыгыш Теңир-Тоонун түштүк тарабындагы Жибек жолунун маанилүү бекети болгон.

Бул шаар Сиюй аймагындагы Чэши, Гаочан жана Уйгур Гаочан сыяктуу мамлекеттердин тарыхы, протектораттык башкаруу системасы, шаар курулушу, архитектуралык өнүгүү, буддизмдин тарашы жана маданияттар аралык байланыштар тууралуу маалымат берет. 1961-жылы Кытайдын Мамлекеттик кеңеши Цзяохэ шаарын улуттук маанидеги маданий мурастардын тизмесине киргизген. 2014-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кошулган. Бүгүнкү күндө ал 4А категориясындагы туристтик жай болуп саналат.

25-июнь (Шаршемби күнү)

ТУРФАНДАГЫ «КЯРИЗ» ЭТНОПАРКЫ

«Кяриз» этнопаркы 1992-жылы негизделип – Турфан шаарында жайгашкан. Ал 4А категориядагы туристтик зона болуп саналат. Жалпы аянты – 14 680 м². Парк уйгур элинин салттуу кяриз ирригациялык системасын жана маданиятын чагылдырууга багытталган. 2024-жылдагы модернизациядан кийин ал Турфандагы биринчи иммерсивдүү (сезимге таасир этүүчү) тематикалык паркка айланган.

Парк аймагында үч кяриз агып өтөт:

  • Янги-кяриз («янги» – уйгурча «жаңы»)
  • Перстек-кяриз
  • Миримбай-кяриз

Бул жерде коноктор ачык жана жер астындагы каналдарды, тик шахталарды, суу чыгаруучу жерлерди жана алардын кичи моделдерин көрө алышат. Жер астына түшүп, бул байыркы сугат системасынын инженердик гениалдыгын өз көзү менен көрүүгө болот.

Кяриз музейинде макеттер, экспонаттар жана анимациялык видеолор аркылуу бул системанын тарыхы жана иштөө принциби кеңири түшүндүрүлөт. Атмосфера жаратуу үчүн жасалма туман жана «Өткөн мезгилге өтүүчү эшик» деген интерактивдүү зона уюштурулган. Коноктор «Атлас» кездемесинен жасалган уйгур улуттук кийимдерин кийип, театрлаштырылган оюндарга катыша алышат. Маселен, «Суу каналын ачуу аземи».

Туристтер үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

  • Улуттук стилдеги конок үйлөр
  • Жергиликтүү ашканасы бар ресторандар
  • Көрсөтмө аянтчалар (кыштан курулган жүзүм кургатуу жайлар, нан бышыруучу тандырлар)
  • Фольклордук бийлер жана музыка

Бул парк туристтерге гастрономия, маданият жана көңүл ачууну айкалыштырган ар түрдүү бай тажрыйбаны сунуштайт.

«ХО ШАНЬ ХУН” ШАРАП ЗАВОДУ –ТУРФАН БАЙЛЯН Е» КОМПАНИЯСЫ

«Хо Шань Хун» шарап өндүрүү аймагы – бул 4А деңгээлдеги туристтик аймак болуп эсептелинип, шарап өндүрүшүн маданий туризм менен айкалыштырган үлгүлүү аянтча болуп кызмат кылат. Турфан – байыркы Улуу Жибек жолунун маанилүү шаары катары, «Кытайдагы жүзүмдүн ыйык шаары» жана «дүйнөлүк деңгээлдеги өзгөчө шарап региону» деген наамдарга ээ болгон. Шаарда 250дөн ашуун шараптын түрлөрү өндүрүлөт, алардын ичинде кургак кызыл, кургак ак шараптары жана коньяктар бар. Бул продукциялар Улуу Британия, Франция жана дагы 10дон ашык өлкөгө экспорттолот.

«Синьцзян шарап маданиятынын жаңы дүйнөсү» – узундугу 3 км, туурасы 5 м, бийиктиги 4,5 м болгон галерея. Бул жерде ар кайсы доорлорго тиешелүү шарап маданияты көрсөтүлөт. Кытай дүйнөдөгү шарап өндүрүү маданиятынын тогуз мекенинин бири болуп эсептелет. Ал эми Синьцзянда жүзүм өстүрүү жана шарап өндүрүү тарыхы 2400 жылды камтыйт. Бул аймак Кытайда эң алгачкылардан болуп шарап өндүрүү менен алектенген аймак катары таанылган.

Турфан шараптары жасалган жүзүм өстүрүүнүн артыкчылыктары:

  • «Алтын кеңдикте» жайгашкан;
  • Топурагы өзгөчө;
  • Тянь-Шань мөңгүлөрүнөн агып түшкөн суу менен сугарылат;
  • Күндүзгү жана түнкү температурасы кескин айырмаланат;
  • Күндүн нуру абдан мол түшөт.

Шараптар:

  • Түсүнө жараша: кызыл, ак жана роза түстүү;
  • Бөтөлкөдөгү көмүр кычкыл газынын басымынын негизинде шараптар кыймылсыз жана газдалган болуп бөлүнөт.
  • Кант курамына карата: кургак, жарым кургак жана жарым таттуу болуп айырмаланат.

Демонстрация зонасында жүзүмдүн шарапка айланышынын толук процесси көрсөтүлөт: жыйноо, сорттоо, сабагынан ажыратуу жана майдалоо, муздак тыныгуу, сыгуу, ачытуу жана жетилүү. Заводдо жүзүмдү иштетүү, шарап ачытылган жыгач идиштерин (бочкаларды) ачуу, бөтөлкөгө куюу, таңгактоо жана муздатуу үчүн жабдуулар орнотулган. Жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу – 2500 тонна.

Кумдуу курорт борбору:

Ачык жана жабык зоналардан турат.

Кошумча кызматтар:

Ийне сайуу жана массаж жасоо.

Ачык бассейн:

Эл аралык стандартка жооп берет, мелдештерди өткөрүүгө ылайыкташкан. Жанында балдар аянтчасы жайгашкан.

«Хо Шань Хун» тамак-аш көчөсү: Турфандагы эң ири жабык гастрономиялык көчө. Жалпы аянты – 10 000 м². Бир убакта 1000ге чейин адамды кабыл алат.

Готикалык стилдеги (XII-кылымда Батыш Европада пайда болуп, XIII-XIV кылымдарда Ренессанс стилине жол бергенге чейин эң бийиктикке жеткен тарыхый көркөм стиль. Ал бийик формалар, учтуу аркалар, татаал витраждар жана бай декоративдик жасалгалары менен мүнөздөлөт. Готика стили архитектурада, скульптурада, живописте, адабиятта жана модада колдонулган) кичи шарап өндүрүү сырткы бөлүгү эс алуу жана барбекю аймагы катары кызмат кылат. Ички бөлүгүндө мейманкана бөлмөлөрү, ресторан, спорт залы жана башка шарттар бар.

Бочка-сымал үйлөр: шарап куючу жыгачтан жасалган бочканын формасында курулган. Ар бир үйдүн аянты – 25 м², «жылдыздуу» мейманкана стандарттарына ылайык келет.

Шарап маданияты борбору: аянты – 19 000 м², салттуу кытайдын кызыл кирпич маданияты менен готика архитектурасынын айкалышы. Борбордун ичинде туристтик кызмат көрсөтүү аймагы жайгашкан. Чыгыш жана батыш тарабынан соода аймактары түзүлгөн, жалпы 48 шарап текчеси орнотулган.

«ТУРФАН БАЙЛЯН Е» ЖЧК

«Турфан Байлян Е» ЖЧК – «Синьцзян Жункунь Интернэшнл Инвестмент» компаниялар тобунун туунду ишканасы болуп саналат. Бул ишкана күчтүү алкоголь ичимдиктерин (байцзю) өндүрүү жана сатуу менен адистешкен.

Компаниянын тарыхы:

  • 1948-жылы чакан спирт заводу катары негизделген;
  • 1963-жылы Токсун уездиндеги азык-түлүк комбинатына кошулуп, алкоголь өндүрүү цехи болуп калган;
  • 1999-жылы кайрадан уюшулуп, азыркы «Турфан Байлян Е» ЖЧКсына айланып, «Байлян» бренди менен продукция чыгара баштаган.

Бүгүнкү күндө ишкананын тарыхы 70 жылдан ашык убакытты камтыйт жана анын продукциясы көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

Өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү:

  • 1000ге жакын ачытма чуңкурлар,
  • 4 өндүрүштүк цех,
  • 2 таңгактоо цехи,
  • Синьцзяндагы эң ири өндүрүш жана куюу жабдуулары,
  • Жылдык кубаттуулук – 10 000 тонна.

Продукциянын өзгөчөлүктөрү:

  • Негизги түрү – күчтүү жыпар жыттуу
  • Башкы чийки зат – Турфанда өстүрүлгөн ак гаолян – алкоголдук ичимдикти өндүрүү үчүн негизги чийки зат
  • Ичимдик кристалдай тунуктугу, ичкенден кийин жагымдуу даамы ууртуңан узакка кетпей калганы менен айырмаланат

2024-жылдын этегинде, компания «Байлян E – Эркин стиль» деген жаңы серияны чыгарды. Бул серия улуттук стилдеги өзгөчө дизайны жана уникалдуу даамы менен айырмаланып, байцзюну (байцзю – салттуу кытай спирт ичимдиги, арака жакын. Бул дистилляциялык продукт (самогонго окшош), өзгөчө жыты бар тунук суюктук) сүйгөндөр жана жаштар арасында жогорку баага татыган.

«СИНЬЦЗЯН КЕРЕМЕТТЕРИ – ТУРФАН» ДАРЕКТҮҮ ТАСМАСЫ

Бул биз көргөн даректүү тасма Өзбекстандын ардактуу журналисти, «Фергана акыйкаты» гезитинин башкы редактору Мухаммаджон Обидов жана Кытайдын Синьцзян бөлүмүндөгү CNS агенттиги тарабынан биргелешип тартылган. Фильм Турфандын жүзүм темасына негизделип, бул аймактагы жүзүм өнөр жайынын өнүгүшүн, жергиликтүү элдин бакубат жашоосун жана шаардын гүлдөп-өсүшүн чагылдырган. 2024-жылдын 25-декабрында Өзбекстандагы Журналистика университетинде «Синьцзян кереметтери – Турфан» кыска метраждуу даректүү тасмасынын бет ачары болуп, ачылыш аземинде Кытайдын Өзбекстандагы элчиси Юй Цзюнь: «Обидов мырзанын тасмасы Синьцзян-Уйгур автоном районунун тарыхын Турфан шаары аркылуу баяндайт. Турфан Кытайда “Жүзүмдүн ыйык шаары” жана “Маданий казына” деген ардактуу наамдарды алып жүргөн шаар. Бул тасма көрүүчүлөргө бул кооз шаарды ошону менен бирге бүтүндөй Синьцзянды тереңирээк таанып түшүнүүгө жардам берет деп ишенем» деп сөз сүйлөгөн.

26-июнь (Бейшемби күнү)

«КЫТАЙ–ЕВРАЗИЯ» ЭКСПО-2025

Үрүмчү шаарында жалпы көргөзмө аянты 100 000 чарчы метрди түзгөн «Кытай–Евразия» Экспо-2025 жарманкесине катыштык.

Көргөзмөнүн пландаштырылуусу «1+10+N» моделине ылайык жүргүзүлүп, анын негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыды:

  • Жогорку деңгээлдеги эл аралык ачыктык;
  • «Он өнөр жай кластери» концепциясы боюнча өнүктүрүү;
  • Өзгөчө тармактарды жана кызмат көрсөтүү соодасын илгерилетүү.

Жарманке Синьцзяндагы «он өнөр жай кластери» өнүгүү стратегиясын, алардын учурдагы абалын жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптуу чагылдырды.

Бул жарманкеде төмөнкү зоналар түзүлдү:

  • Ар кайсы өлкөлөр жана региондор үчүн улуттук павильондор,
  • Эл аралык атайын товарлар павильону.

Алар ал павильондо ар өлкөнүн жетишкендиктерин, өзгөчө ресурстарын жана уникалдуу продукцияларын көрсөтөт. «Tesla,» «Youke» сыяктуу дүйнөлүк белгилүү бренддер жарманкеге катышты. Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан,Өзбекстан, Беларусь, Түркия, Малайзия, КЭР жана башка өлкөлөрдүн соода-өнөр жай уюмдары менен тармактык ассоциациялары жарманкеде көргөзмө, кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алдын ала келишимдерге кол коюу иш-чараларын өткөрүштү.

ЭКСПО – 2025 төмөнкүлөргө басым жасады:

  • Жаңы өндүрүш күчтөрүнө;
  • Жаңы технологияларды жана продуктуларды көргөзүүгө (дрондор, бионикалык роботтор ж.б. Бионика – жаратылышта байкалган идеялардын негизинде жаратылган роботтор же тирүү жандыктарга сырткы окшоштугу үчүн — зооморфтук деп да аталат)
  • Жаңы энергетика, санарип технологиялар, биомедицина, интеллектуалдык текстиль жана экологиялык таза азык-түлүккө.

Жарманкеде өткөрүлгөн иш-чаралар:

  • 40тан ашуун ири иш-чаралар (инвестициялык презентациялар, өндүрүшчүлөр менен сатуучуларды байланыштыруу, экономикалык жана соода жыйындар өттү);
  • 100дөн ашык «Fortune 500» тизмесине кирген жана алдыңкы тармактардагы компаниялар катышты (Fortune 500 — жалпы кирешеси боюнча АКШдагы 500 ири компаниялардын рейтингинин тизмеси)
  • Жарманкеге Кытайдын өзүнөн, чет мамлекеттерден 5000ден ашуун атайын көрүүчүлөр жана сатып алуучулар катышты.

Керектөөнү стимулдаштыруу максатында:

  • «Сапаттуу экспорттук товарлар аймагы» – жогорку сапаттагы продукциялардын көргөзмөсү уюштурулду
  • «Синьцзян деликатестери жана мыкты товарлар аймагы» – Синьцзянга таандык экологиялык таза эт, мөмө-жемиш жана жашылча жер жемиштер
  • Мода көрсөтүүлөр – пахта жана кийим текстиль өндүрүш чынжырынын инновацияларын илгерилетүү жолго коюлду.

Ошондой эле жарманке «онлайн + оффлайн» интеграцияланган моделин колдонуп, түз эфир менен транс-чек аралык электрондук соода павильонун түздү. Кытайдан жана чет өлкөлөрдөн интернет-жылдыздары чакырылып, товарларды жарнамалоо, түз сатуу жана көргөзмө менен таанышуу кызматтарын көрсөтүштү. Бул Синьцзяндын өнөр жайы үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп эсептейт Кытай Эл Республикасы.

27-июнь: (Жума күнү)

Сапар каарып Кытай Эл Республикасынын калкы талыкпаган үзүрлүү эмгек менен зор ийгиликтерди жаратып, мамлекет саясий-экономикалык жактан саат сайын алдына ат салдырбай гүлдөп өнүгүп жатканына өз көзүбүз менен күбө болуп Үрүмчүдөн Бишкекке учуп келдик.

Бахпурбек Аленов