Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өткөн пресс-конференцияда өлкөбүздө негизги тамак-аш азыктарынын 6 түрү – сүт, эт, картошка, жашылча, кумшекер, жумуртка менен камсыздалып, өлкөбүздүн ички агро азык-түлүк рыногунда өзгөчө кырдаал жаралбай, туруктуу абал сакталды деп билдирген министр Бакыт Төрөбаев төмөндөгүлөргө токтолду.
Ирригация – айыл чарба тармагынын өзөктүү багыты болгондуктан, 2030-жылга чейин 106 суу сактоочу БДР, БСР куруу пландалса, анын ичинен 10 БДР, БСРдин курулушу бүтүп, 12синде курулуш иштери, 29унда долбоорлоо, 55инде даярдык иштери жүрүүдө.
Тамчылатып, жамгырлатып сугаруу системасы жалпы 22 миң 941 гектарды түзүп, 2025-жылдын 6 айында 8 миң 365 га аянтка орнотулган.
2024-жылдын 6 айында 31 млн 791 миң сом суу пайдалануудан түшсө, ушул жылдын 6 айында тарифтерди киргизүүнүн натыйжасында 94 млн 138 миң сом каражат түшкөн.
Калкты таза суу менен камсыздоо боюнча 2014 айылдын ичинен 796 айыл таза суу менен камсыз болсо, 542 айылда курулуш иштери жүрүп, анын ичинен 92 айылда курулуш бүткөн, 300 айыл боюнча ПСД жасалып, 85 айылда курулуш жүрүп, 65 айыл боюнча тендерлер жарыяланууда. Калган 676 айыл боюнча каржы булактары изилденүүдө.
Үрөн боюнча эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 40 тонна беденин үрөнү Россия Федерациясына жана 1,6 тонна ашкабактын үрөнү Японияга экспорттолду.
Министрликте биринчи жолу ири мүйүздүү малды жасалма уруктандыруу үчүн 60 млн 826 миң сом бөлүнүп, асыл тукум букалардын 270 миң доза уругу алынып, техникосеменаторлорго бекер таратылып жатат.
Айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча 60тан ашуун продукция дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнө экспорттолуп, ЕАЭС өлкөлөрүнүн реестрине 53 ишкана, Өзбекстан реестрине 45 ишкана, Түркия реестрине – 12 ишкана катталып продукцияларын сатып жатышса, Перс булуңу, Чыгыш Азия, Кытай өлкөлөрү менен кызматташуу аянтчаларын түзүү иштери активдүү жүрүп жатат.
Министрлик тарабынан “Фермердин жеке кабинети” жана “3+2+1” пилоттук долбоорлор кабыл алынып, республика боюнча 240 дыйкан-фермер аныкталып, айдап себүүдөн баштап продукцияны сатууга чейин, тактап айтканда “Талаадан текчеге чейин” процессин коштоо ишке ашырылып жатат.
Кенже Осмоналиева