"Эркин-Тоо"

Үзүрлүү иштөөгө түзүлгөн шарттар

Абдырахман Тобокелович Жолдошалиев көп жылдар бою эл чарбасында комсомолдук, партиялык, мамлекеттик жетекчилик кызматтарды аркалап, 2013-жылдан бери Өзгөн райондук социалдык фонд башкармалыгынын башчысынын орун басары, башчысы  болуп эмгектенип келатат. Ал кишинин жеке демилгеси менен өткөн жылдын октябрь айында башкармалык эки кабаттуу, бардык шарттары менен заманбап имаратка ээ болушту. Эскилиги жеткен, кабинеттери караңгы, жылытуу системасы начар, авариялык абалда калган эски жайдын жанына жаңысын куруу идеясын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчилиги колдоп-кубаттап, социалдык фонддун эсебинен курулушту бүткөрдү.

— Абдырахман Тобокелович, мындай заңгыраган конушту куруу идеясы колдоого алынышы жакшы экен.

— Биз иштеген эски имараттын курулганына алтымыш жылга жакындап калыптыр. Партиянын кезинде биринчи катчылар жашаган кызматтык жеке турак үй болгон. Эскилиги жетип, дубалдары урап кирсең ным жыттанып, кабинеттери караңгы эле. Имарат экотехинспекциянын адистеринин корутундусунун негизинде авариялык абалда экендиги тастыкталды. Биздин идеяны социалдык фонддун жетекчилиги колдоп, жалпы сметалык наркы 14 млн 400 миң сомго жаңы имаратты курууга токтом чыгарып  беришти. 2019-жылдын 23-октябрында “Жакшы тилек” ЖЧК долбоорун даярдап, 2020-жылдын 7-мартында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамга ылайык 14 млн 400 миң сомго тендер жарыяланып, “Грузотрейд” ЖЧКсы жеңүүчү деп табылды. Аталган ЖЧК 11 млн 519 миң сомго тендерден утуп, имаратты бир жылда бүткөрүп берди. Андан сырткары ар бир кызматкерге кеңсе жабдыктары стол, стул, шкаф алынды. Калкты тейлөо борборуна (ЦОН) атайын чоң кабинет ачтык. Мындан башка 100 миң сомго  кабинеттер керектүү эмеректер менен толук жабдылды.

Эң башкысы биздин мекемеде иштеген кызматчылар үчүн эле эмес жалпы райондун калкынын камын ойлогон, жалпынын кызыкчылыгы үчүн жасалган саамалык болду. Учурда ар бир бөлүмдүн иштөө шарттары түзүлдү. Керектүү техникалык-компьютердик жабдуулар менен толук камсыздалды. Кабинеттери кенен, жарык, мекемеге кайрылган жарандар үчүн  орундуктар коюлду, атайын бирдиктүү терезе  кабинетин уюштурдук. Ал жерден жарандар документтерин тапшырып, качан, канча мөөнөттө документтери даяр болоорун билип алышат. Кеңеш берүүчү атайын адистер иштейт. Кыскасы,  санариптештирүү жөнүндө Президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында республикалык Социалдык фонддун жетекчилигинин элге болгон камкордугунан улам ушундай жакшынакай шарттарды түзүп бергени баарыбызды кубандырды.

— Заман талаптаган санариптештирүүнүн жакшы жагы сезилип турабы?

— Албетте, Өзгөн районунда бүгүнкү күндө 27172 пенсионер бар, тагыраак айтканда, жашы боюнча: 19255, майыптыгы боюнча (алар өзүнчө топко бөлүнөт): 5157, багуучусунан ажырагандыгы боюнча: 1438 пенсия алышат. Орточо пенсиянын көлөмү 2021-жылдын 1-январына карата 5219 сом болсо, 2022-жылы 5653 сомду түздү. Пенсия чегерилген жарандардын баары төлөө каналына киргизилген. Бизде бир   нече  жылдан бери «Eleed» программасы иштеп жатат. Пенсия курагына жеткендердин документтери ошол программага киргизилет. Андан кийин борбордогу башкармалыкта каралып, пенсияны эсептеп, чектегенден кийин бизге жиберилет. Бишкектен пенсия эсептелип, банктан алуучунун эсеп-кысабы такталып бизге электрондук түрдө келет. Мурда кол менен эсептелчү. 2022-жылдын 1-январынан тартып, төлөө каналы толук электрондук вариантка өттү. Мурда айтылып келген “соцфонддогулар пенсияны чегерет” деген күмөндүү ойлорго, сөздөргө биротоло чекит коюлган.

Бир айда Өзгөн району боюнча  155 млн сом пенсия төлөнөт. Өткөн 2021-жылы  бир жылда 1 миллиард 723 млн сом пенсия төлөндү.

— Жалпы негиздер боюнча жарандар канча жаштан пенсияга чыга алышат?

— Эркектер үчүн 63 жашта 25 жыл стаж, аялдар үчүн 58 жашта 20 жыл стаж, эгер 5 баласы бар аялдар болсо 53 жаштан 15 жыл стаж керек болот.

— Мөөнөтүнөн мурда толук жана азайтылган өлчөмдөгү пенсияны кимдер ала алат?

— Жеңилдетилген ыкма менен толук пенсияга чыгууга эркектер үчүн 60 жаш 40 жыл стаж, аялдар үчүн 55 жаш 35 жыл стаж керек, эгер 5 баласы бар аялдар 50 жашта болсо 25 жыл стажы керек болот. Азайтылган өлчөмдө эркектер 60 жаштан 35 жылдан жогору стажы болсо, аялдар 55 жаштан 30 жылдан жогору стажы болсо жана 5 баласы бар аялдар 50 жаштан 20 жылдан жогору  стажы болсо азайтылган өлчөмдөгү пенсияга чыга алышат.

Санариптештирүүнүн жакшы жагы кызматкерлер үчүн жеңил, ыңгайлуу, бардык операциялар так, реалдуу, кимдин канча жылдык эмгеги, кирешеси дегендей, бардыгы ачык-айкын көрүнүп турат. Элге да, ар бир жаранга базадан  карап түшүндүргөнгө жеңил.

— Пенсияны өз убагында алалбай калган жарандар болобу, арыз-даттануулар менен кандай иштейсиздер?

— Пенсиянын өз убагында албай калдым деген жарандар болот. Аны дароо тактап, иликтеп чара көрөбүз. Биздеги пенсионерлердин 67%ы же 19 миң пенсионер банк аркылуу ал эми 33%ы же 9 миң пенсионер пенсиясын почтадан алат.

Мамлекеттик пенсиялык-топтоо фонду жөнүндө бир-эки ооз сөз.  Мамлекеттик пенсиялык-топтоо фонду 2010-жылдан баштап эсептеле баштады. 2010-2011-жылдарда бардык айлык акы алып иштеп жаткан кызматкерлердин айлык акысынан 2% өлчөмүндө  мамлекеттик топтоо фондусуна акча каражаты кармалган. 2012-жылдан баштап 1964-жылдын 1-январына чейинки төрөлгөн эркектерден жана 1969-жылдын 1-январына чейинки төрөлгөн аялдардан алып жаткан айлык акысынан  мамлекеттик пенсиялык-топтоо фондусуна акча каражатын кармоо токтотулган. Ал эми 1964-жылдын 1-январынан кийинки төрөлгөн эркектерден жана 1969-жылдын 1-январынан кийинки төрөлгөн аялдардан алып жаткан айлык акысынан 2% өлчөмүндө мамлекеттик пенсиялык-топтоо фондусуна акча каражатын кармоо жүргүзүлүп келүүдө. Аларга пенсияга чыккандан кийин, башка мамлекетке биротоло көчүп кетип жатканда жана каза болгон болсо анын мураскоруна  жеке арызынын негизинде  мамлекеттик пенсиялык-топтоо фондусуна кармалган акча каражаты кошумча дивиденди менен кайтарылып берилет.

— Пенсияга чыгуу учурда документтерди топтоо түйшүгү бир топ жеңилдеди деп айттыңыз.

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылы 27-апрелде пенсия чектөө боюнча №43 мыйзамы кабыл алынган. Жарандар пенсия курагына жеткенге чейин алты ай мурда паспорт, эмгек китепчеси жана 1996-жылга чейинки катарынан каалаган беш жылдык эмгек акысын көрсөткөн документтерди тапшырышат. Жогорку билимдүүлөр сөзсүз түрдө дипломунун көчүрмөсүн, эркектер аскердик билетинин көчүрмөсүн, аялдар балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн  көчүрмөсүн бериши керек. Бул дагы стажга эсептелинет. Калган документтерди өзүбүз керектүү уюмдардан суратып алабыз. Мурдагыдай “эртең кел, бүрсүгүнү кел” деген убаракерчилик жоюлган.

№39 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 26-апрели
Ризван Исмаилова

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!