Ысык-Ата районунун Таш-Башат айылында жаранды мыкаачылык менен өлтүрүү боюнча иштин бети ачылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2022-жылдын 21-ноябрында Таш-Башат айылынын аймагында денесинде ар кандай жаракаттары бар, жерге көмүлгөн болжол менен 45-50 жаш курактагы белгисиз адамдын сөөгү табылган.
Соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен өлүктү кароо учурунда денесинен бычактан көптөгөн жаракат алгандыгы аныкталган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Бир катар ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө өлүктүн өздүгү такталып, ал 1974-жылы туулган Д.К. аттуу жаран экендиги аныкталган. Ал 2022-жылдын 18-октябрынан бери дайынсыз жоголгон жаран экендиги такталган.
«Комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмыш ишине шектүү катары 1997-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыш мүлк талашуудан улам келип чыкканы аныкталды», — деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда тергөө иштери уланууда.