Президент Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлайт.
«Ишенимдүү жеңишиңиз түркмөн элинин сизге болгон ишеничинин жогорку деңгээлин ырастайт. Сиздин жетекчилигиңиз менен боордош Түркмөнстан өзүнүн өнүгүү жолунда чоң ийгиликтерге жетишет деп терең ишенем.
Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тереңдеп, эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштар эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да бекемдей берет деп ишеним артам. Сизди ыңгайлуу болгон убакытта Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырам», — деп айтылган куттуктоодо.
Эске салсак, 12-мартта, Түркмөнстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, анда учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов утуп чыккан. Шайлоого калктын 97,12 пайызы катышкан.