Президент 2025-жылдын 8-декабрында кезектеги ІѴ элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө №351 жарлыкка кол койду. Анын негизинде Марат Иманкулов, Кудайберген Базарбаев, Элчибек Жантаев, Канат Жумагазиев жана Мариякан Үтүрбаева уюштуруу комитетинин курамынан чыгарылды.
Уюштуруу комитетинин курамына жаңы кошулгандар:
— Уюштуруу комитетинин төрагасы Арслан Койчиев:
— Элчибек Жантаев – Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
— Аманкан Кенжебаев – Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
— Азамат Осмонов – Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
Белгилей кетсек, ІѴ элдик курултай 2025-жылдын 25-декабрында өтөт.

