"Эркин-Тоо"

“Өлкөбүз тынч, балдарыбыздын келечеги кең болсун!”

Сокулук районундагы “Материнская школа” бала бакчасынын жетекчиси Жибек ТАКЕНБАЕВА:

— Мамлекет башчыбыздын чечими менен мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, бала бакчалардын тарбиячыларынын эмгек акысы дагы 80%га өскөнү апрель айынын башында айтылган. Мындан улам биздин эмгек да адилеттүү бааланганына сүйүнүп күтүп жатканбыз. Биздин бала бакчада бир группада эки тарбиячы жана бир тарбиячынын жардамчысы болуп үчөө иштейт. Тарбиячылардын бирөөсү түшкө чейин, экинчиси түштөн кийин келип иштейт. Бул аракет балдарга сапаттуу билим берүүгө багытталган. Себеби, эки тарбиячы эки нөөмөттө чарчабай иш алып барышат. Ошондуктан, мурда беш-алты миң сом айлык алган тарбиячыларыбыз, апрель айында 14-15 миң сом айлык алышып, кубанычтарында чек жок. “Ар бир кесип ардактуу” демекчи, кесибин сүйүп, балдар менен иштөөгө жан дилинен берилген кызматкерлерибиз мурда айлыгынын азына деле карабай иштеп келишкен. Мына эми мамлекеттин бул колдоосу кызматкерлерибизге дем-күч берип, иштин сапатын арттырууга өбөлгө болууда. Буйруса, мындай ишеничтерди актап, эл-жерге кызмат кыла турган чыгаан, таланттуу уул-кыздарды бала бакчалардан тарбиялап чыгууга болгон аракетти жасайбыз. Башкысы өлкөбүз тынч, балдарыбыздын келечеги кең болсун!

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!