"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Өлкөбүздүн парашахматчылары Индиядагы чемпионатка катышат

2025-жылдын 21-июлунан 31-июлуна чейин Индиянын Гоа шаарында майыптыгы барлар арасында шахмат боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Бул эл аралык мелдешке Кыргызстандын парашахмат боюнча курама командасы да катышат.

Команданы Дарика Мамытова жетектеп, Тилеген Рахатбеков менен Кубанычбек Ибраимов спортчу катары чемпионатка чыгат. Команданы Айнура Алеева коштоп жүрөт.

Чемпионатта дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спортчулар таймашып, шахматтагы чеберчиликтерин көрсөтүшүүдө.