«Кыргыз көмүр» ишканасы билдиргендей, Бишкек жана Кара-Балта шаарларында жаңы көмүр кампалары ачылды.
Маалыматка ылайык, борбордогу Лев Толстой көчөсү, 98А дарегинде жаңы көмүр кампасына 5 вагон көмүр келип түшүп, 5800 сомдон сатылууда жана мындан ары көмүр туруктуу түрдө жеткирилип турат.
Кара-Балта шаарынын Пальмира Тольятти көчөсү, 1Б дарегине да 5 вагон көмүр жеткирилди. Анда көмүрдүн наркы 6300 сом. Аталган кампадан Панфилов жана Жайыл райондорунун тургундары көмүр сатып ала алышат.

