"Эркин-Тоо"
Билим Жаңылыктар

Өлкөдө 207 мектеп убактылуу онлайн окууга өттү

Кыргызстанда сасык тумоо менен курч респиратордук инфекциялардын жайылышына байланыштуу  207 мектеп онлайн окууга өтүп, 214 бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көрсөтмөсү менен мектептер өз алдынча онлайн окууга өтө алышат жана бул тууралуу министрликке жөн гана билдирүү жөнөтүлөт.

Белгиленгендей, азыркы тапта билим берүү уюмдарында оорулардын алдын алуу чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.