Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, кунарсыз жана түшүмдүүлүгү төмөн жайыт жерлерди калыбына келтирүү максатында жалпысынан 9 650 гектар аянтка төрт түрдүү жайыт чөбүнүн үрөнүн себүү пландалган.
Маалыматка ылайык, учурда анын ичинен 3 226,85 гектар аянтка үрөн себүү иштери толук аяктап, бул жалпы пландын 33,4 пайызын түзүүдө.
Белгиленгендей, жайыт чөптөрүнүн түрлөрү ар бир аймактын климаттык жана топурактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тандалган. Бул иштер жайыттардын курамын жакшыртууга, мал чарбачылыгы үчүн тоют базасын кеңейтүүгө жана экологиялык туруктуулукту камсыздоого багытталган.

