"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Өлкөдө «Арпа», «Алай» жана «Архар» коруктары түзүлөт

Баткен, Ош жана Нарын облустарында «Арпа», «Алай» жана «Архар» жаратылыш коруктарын түзүү пландалууда. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев Эл аралык тоо күнүнө арналган конференцияда билдирди.

Кыргызстан тоолуу өлкө болуп, аймагынын 94%дан ашыгы тоолор түзгөндүктөн жана бул аймактар уникалдуу өсүмдүктөргө жана жаныбарларга бай болгондуктан, коргоого муктаж. Министрлик жаңы корголуучу аймактар аркылуу экологияны жана суу ресурстарын сактоону күчөтүүнү көздөөрүн билдирди.