"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Өлкөдө бир суткада 37 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 37 өрт кырсыгы чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо менен күрөшүүгө 42 күжүрмөн эсеп тартылган. Аймактар боюнча кырсыктардын саны төмөнкүчө болду:

  • Бишкек шаарында – 7;

  • Ош шаарында – 2;

  • Ош облусунда – 4;

  • Чүй облусунда – 5;

  • Жалал-Абад облусунда – 8;

  • Ысык-Көл облусунда – 2;

  • Нарын облусунда – 4;

  • Баткен облусунда – 3.

Мындан тышкары, куткаруу кызматтары тарабынан 2 жолу чыгуу болду.