Кыргызстандын аймагында үстүбүздөгү жылдын 7-январынан 13-январга чейинки аралыкта 15 миң 373 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 206;
— мас абалында рулга отуруу — 214;
— автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 31;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 395;
— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 5 миң 1;
— автоээнбаштык — 10;
— белгиленген ылдамдыктан ашуу — 1 851;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 7 605. Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 754 автоунаа айып короосуна киргизилген.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.