Быйылкы жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстан боюнча 4 843 бала турмуштук оор жашоо шартында жашаганы аныкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, балдардын ичинен 2 514үнө жекече коргоо планы иштелип чыккан, ал эми 2 488 бала кыйын абалдан чыгарылган.
Ошондой эле 1 277 үй-бүлө социалдык колдоого муктаж деп табылып, алардын 947си социалдык жардам алуу, документтерди тариздөө жана балдарды окууга жиберүү аркылуу кризистен чыккан.
Министрлик белгилегендей, балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу ишине өзгөчө көңүл бурулууда.
“Быйылкы тогуз айдын ичинде 444 бала ар кандай зордук-зомбулукка дуушар болуп, алардын баарына зарыл болгон социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүлдү”, — деп маалымдашты министрликтен.

