"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Өлкөдө орточо айлык акы 42 миң сомдон ашты

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдиргендей, 2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстандагы орточо айлык номиналдык маяна 42 миң 648 сомду түздү.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу эмгек акынын көлөмү 19,6%га өскөн. Ошондой эле эң көп айлык акынын жогорулашы кыймылсыз мүлк, курулуш, саламаттык сактоо, маалымат жана байланыш, социалдык тейлөө, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк, мейманканалар жана ресторандар, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, мамлекеттик сатып алуулар жана тоо-кен казып алуу тармагында катталган.