"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Өлкөдө жүзүм тармагында өсүш байкалууда

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жүзүм тармагында туруктуу өсүү тенденциясы катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Расмий маалыматка ылайык, өткөн жылы жүзүмдүн жалпы түшүмү 1 530,2 тоннаны түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 18,5 пайызга жогорулаган. Республика боюнча орточо түшүмдүүлүк гектарына 23,2 центнерге жетип, бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 19,6 пайызга көп болгон.

Тармакты өнүктүрүү максатында 2025-жылдын январь-май айларында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Сербиядан 60 миң даана сапаттуу жүзүм көчөтүн алып келген. Алар тиешелүү карантиндик-фитосанитардык көзөмөлдөн өткөрүлүп, вируссуз жана техникалык сорттордун негизинде тандалып алынган.

Мындан тышкары, Лейлек районунда жүзүмчүлүктү өнүктүрүү багытында бир катар демилгелер ишке ашырылууда. Жаңы-Жер айыл аймагында жайгашкан “Достук Кадырбек” айыл чарба кооперативи аватар сорту боюнча көчөт өндүрүп жатса, “Элдик түшүм Жаңы-Жер” кооперативи кишмиш сортуна адистешкен.

Райондо ошондой эле аватар, маникюр фингер жана кишмиш сортторунун көчөттөрүн өстүрүүгө багытталган жаңы питомник уюштурулуп, дыйкандарды сапаттуу отургузуучу материалдар менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик бул аракеттер жүзүмчүлүк тармагын кеңейтүүгө жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга багытталганын белгиледи.

Спросить ChatGPT