"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Өлкөдөгү 668 объектте курулуш иштери жүрүүдө

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев быйыл Кыргызстанда жол куруу жана социалдык объекттерди жаңылоо мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла өскөнүн билдирди. Министр бул тууралуу Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун Пахтачылык станциясынын имаратынын ачылыш аземинде сүйлөп жатып айтты. Анын маалыматына караганда, 2025-жылы өлкө боюнча 1 478 чакырым жол курулуп жана капиталдык оңдоодон өттү. Бул көрсөткүч мурунку жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп.

Ошондой эле республикада 668 социалдык объектте курулуш иштери жүрүүдө. Алардын 426сы жаңыдан салынып, 211и капиталдык оңдоодон өтүүдө. Дагы 31 объект боюнча долбоор даярдалууда.