Кыргызстандын айыл чарба тармагына «акылдуу ферма» системалары киргизилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдап, Кореянын «Dohwa Engineering Co., Ltd.» компаниясы менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлганын билдирди.
Меморандум Кореянын Сеул шаарында өткөн «Korea Business Week 2025» форумунун алкагында «Dohwa Engineering» менен «Кыргыз Агрохолдинг» ААКтын ортосунда түзүлдү.
Макулдашуунун максаты айыл чарбасын санариптик негизде өнүктүрүү, автоматташтырылган сугаруу жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу системаларын киргизүү болуп саналат.

