Салык кызматкерлери Ош аэропортунда 13,9 млн сомдон ашкан алтын буюмдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз борбору кабарлады.
Текшерүүдө жүргүнчүнүн жүгүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн документсиз алып келинген билерик, чынжырча жана сөйкөлөр табылганы маалымдалды.
«Мындан улам мыйзамсыз жүгүртүү боюнча актылар түзүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт», – деп билдирди Салык кызматы.

