"Эркин-Тоо"
Аба ырайы Жаңылыктар

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт

Бүгүн, 9-июлда, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Айрыкча Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда, ошондой эле Чүй облусунун тоо этектери менен тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлүүдө.

Абанын күндүзгү температурасы:

  • Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында – 29…34°С

  • Талас облусунда – 25…30°С

  • Ысык-Көл облусунда – 20…25°С

  • Нарын облусунда – 21…26°С

  • Бишкек жана Ош шаарларында – 31…33°С болот.