"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

ӨНҮГҮҮНҮН ҮЗҮРҮН КӨРӨ БАШТАДЫК

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында мамлекеттик саясаттын негизги жетишкендиктерин жана багыттарын чагылдырган баяндама жасады. Өз сөзүндө 2026-жылга карата бюджеттин негизги параметрлерин, ошондой эле бюджеттик сектордо эмгек акыны масштабдуу түрдө жогорулатуу планын тааныштырды. Ошого катар 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын негизги багыттарын баяндады. МинКаб Төрагасынын баяндамасынын урунттуу учурлары төмөндөгүдөй болду.

Маяналар 50%га көтөрүлөт

2025-жылы бюджеттик персоналдын айрым категорияларынын, анын ичинде техникалык жана кенже тейлөөчүперсоналдын, штаттан тышкаркы жана жарандык кызматкерлердин, ошондой эле мамлекеттик кызматчы категориясына кирбеген айрым кызматкерлердин эмгек акысы жогорулаган. Мындан тышкары, күч түзүмдөрүнүн жана аскер кызматкерлеринин, илим кызматкерлеринин, судьялардын, Салык жана Бажы кызматтарынын, Башкы прокуратуранын, Борбордук шайлоо комиссиясынын, Пробация департаментинин жана Юридикалык жардам кызматынын кызматкерлеринин айлык акылары көбөйтүлдү. 2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, социалдык коргоо, маданият, спорт кызматкерлеринин, ошондой эле техникалык жана кенже тейлөөчүперсоналдын эмгек акысы 50%дан кем эмес көтөрүлөт. 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы категориясына кирбеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүүоргандардын техникалык жана кенже тейлөөчүперсоналына жана күч түзүмдөрүнүн жарандык кызматкерлерине кошумча төлөмдөр 50%га чейин көбөйөт.

Бюджет 1 триллион 93 миллиард сом

Министрлер Кабинети бюджетти жана өткөн жылдын отчетун сунуштаган маалда 2024-жылы ИДПнын өсүшү9% деңгээлинде болжолдонгон. Акыркы эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата ИДПнын такталган өсүшү11,5% түздү. 2025-жылы да ушундай эле темп сакталып, 11 айдын жыйынтыгы боюнча өсүш 10,2%ды түздү. 2024-жылы ИДПнын такталган номиналдык көлөмү1,6 трлн сомду түзсө, быйыл 1,8 трлн сомдон ашканы турат. Эч кимибиз эстен чыгара элекпиз, 2020-жылы номиналдык ИДП таз кейпин кийип, 639 млрд сомду түзгөн. Чукул аралыкта секирик жасап, өткөн жылы жан башына ИДП дээрлик 2 513 долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 86%га көбөйгөн эле. 2025-жылы жагымдуу шарттарда, бул көрсөткүч 2 800 доллардан аша турганы анык болду. Баса белгилеп айта турганы бул триллиондук бюджет. Барыбыз уккан элек, 2027-жылга чейин триллиондук көрсөткүчкө жетүүмилдети коюлган, бирок Министрлер Кабинети максатка мөөнөтүнөн мурда жетип, быйыл 1 триллион 93 миллиард сомду багындырды. Бул көрсөткүчтөр өлкөнүн экономикасы туруктуу өсүүжолуна түшкөнүн жана жүргүзүлүп жаткан реформалар реалдуу натыйжаларды берип жатканын тастыктайт. Баса, Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүүтемпи боюнча дүйнөдөгүалдыңкы үч өлкөнүн катарына кирген, быйыл ЕАЭБде биринчи орунду ээледи.

Энергетикадагы ийгилик

2024-жылы жалпы энергия өндүрүү117,8 МВтга чейин көбөйтүлүп, жалпы кубаттуулугу 48,8 МВт болгон 8 кичи ГЭС ишке киргенин билебиз. 2025-жылы 49 МВт кубаттуулуктагы 9 кичи ГЭС ишке киргизилди. Токтогул ГЭСин (1440 МВт) модернизациялоо жүргүзүлүп, Таш-Көмүр ГЭСиндеги гидроагрегаттар жаңыланууда. Өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылган Камбар-Ата-1ди кошо алганда, жаңы кичи ГЭСтер курулууда. 2026-жылы 17 кичи ГЭС, 2027-жылы 19 жаңы ГЭС куруу пландаштырылууда. Көзгө басары Камбар-Ата экени маалым. Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу бүтсө, өлкөнүэнергетикалык көз карандысыздыкка алып келип, келечек муундар үчүн бекем пайдубал түзөрүанык.

700 млн долларга еврооблигация чыгарылды

“Президенттин «инвесторлордун артынан чуркашыбыз керек” деген чакырыгынын негизинде иш жүрүп, өлкөнүн эл аралык имиджин бекемдөө максатында бир топ маанилүүкадамдар жасалды. Тарыхта биринчи жолу рекорд жасап, үстүбүздөгүжылы Кыргызстан 700 млн долларга еврооблигация чыгарды. Бул кадам менен ири компанияларга эл аралык финансы рынокторуна жол ачылды. Белгилеп айтсак, 50 млн токен чыгарылды. Алардын ар бири физикалык алтын менен камсыздалган жана 1 долларга барабар. Мындан тышкары, жылдын аягына чейин эл аралык биржалардын листингине киргизиле турган KG-ST улуттук стейблкоинин ишке киргизүүбоюнча иштер улантылууда. Бул стейблкоин улуттук валютага — кыргыз сомуна барабар болот. Бул демилгелер сөзсүз түрдө Кыргызстандын глобалдык финансылык экосистемадагы позициясын бекемдейт. Алгачкы жыйынтыктар жаман эмес, Кыргызстанга болгон эл аралык ишеним артты. Эл аралык рейтингдик агенттиктер өлкөгө «B+» кредиттик рейтингин ыйгарышты. Бул жетишкендиктер Кыргызстандын эл аралык аренада ишенимдүүжана динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекет катары таанылып жатканын далилдейт.

Чакан жана орто бизнести колдоо керек

Кыргызстандын азыркы өнүгүүсүндө чакан жана орто ишкердиктин ролу абдан чоң десек жаңылышпайбыз. Анткени, экономиканын түзүмүжана эмгек рыногу дал ушул секторго таянат. Байкаганыбыздай, мамлекет бизнести колдоо жана экономиканы өнүктүрүүбоюнча бардык зарыл чараларды ишке ашырууда. Өзгөчө, акыркы жылдары мамлекеттик кепилдиктер системасы стратегиялык инвестицияларды тартуунун катализатору болуп калды. Мисалы, 2022–2025-жылдары улуттук экономиканын 18 субъектине 31,8 млрд сомго кепилдик берилген. 12 банк аркылуу чакан жана орто бизнеске 9,5 млрд сомдук пайызсыз насыя берилип, алуучулардын саны 11 860ты түздү. 2025-жылы «Чакан жана орто ишкердикти жеңилдетилген каржылоо» долбоору ишке киргизилип, анын алкагында ишкерлерге жылдык 12% жеңилдетилген нарк менен 500 млн сом каралган. Ошондой эле текшерүүлөрдөн бошотуу жана VIP-кызматтар сыяктуу артыкчылыктар берилген ак ниет ишкерлердин реестри түзүлдү. Ачыгын айтканда бул чоң жардам болду. Ушул жерде белгилей кетсек, “Кумтөрдүн” 2024-жылдагы таза кирешеси 397,4 млн долларды түзсө, 2025-жылдын 10 айында 421,8 млн долларга жетти. Ал эми “Кыргызалтын” 2025-жылдын 9 айында 17,5 млрд сомдон ашык киреше тапты.

Балдар – биздин бактыбыз

Көп балалуу энелерди жана балдарды колдоо үчүн «Бала береке» жана «Келечекке салым» программалары ишке ашырылып жатат. Быйыл программалардын алкагында 3 100 балага 548,3 млн сом которулду. Ошондой эле Президенттин демилгеси менен «Социалдык контракт» долбоорун ишке ашыруу уланууда. Үстүбүздөгүжылдын 8 айында долбоорго 9 миңге жакын арыз берилип, 8087 социалдык контракт түзүлдү. Түзүлгөн социалдык контракттын багыттарын карасак, айыл чарбасына эң чоң кызыгуу болуп 6067 долбоор түзүлдү. Ошондой эле кызмат көрсөтүүчөйрөсүндө 712 долбоор, өндүрүштө 600, соода-сатык тармагында 467 долбоор түзүлүп, ийгиликтүүиштеп жатат.

Билим менен бийикти багындырабыз

Борбордогу жашоочуларга жагымдуу кабар десек болот, келерки жылы Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп, Ош шаарында 10 жана Манас шаарында 6 мектеп куруу пландаштырылууда. Өзгөчө абалдагы мектептер толугу менен оңдолуп түзөлөт. Ал эми 12 жылдык окууга өтүүреформасы, билим берүүсистемасын санариптештирүүжана окуу программаларын жаңыртуу уланууда. Бардык окуу китептери электрондук китепканада жеткиликтүүболот. Биринчи жолу быйыл мамлекет тарабынан өлкө ичинде окуу китептерин чыгарууга 1 млрд сомго жакын каражат жумшалды, бул ички өндүрүштүбекемдөөгө жана тышкы жеткирүүчүлөргө көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берди. Мындан тышкары, Президенттин ар бир мугалимди ноутбук менен камсыздоо боюнча тапшырмасы аткарылып жатат.

Социалдык саясаттын артыкчылыгы

Социалдык багыттагы иштер да жигердүүлүккө өттү. 2024-жылы тармакка мамлекеттик бюджеттен 36,3 миллиард сом бөлүнгөн. 5 ири медициналык объект курулуп, аймактарда медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүкеңейтилип, мекемелер тез жардам унаалары менен камсыздалды. Учурда 39 медициналык имараттын курулушу уланууда, 27 объект бүткөрүлдү, жаңы перинаталдык борборлорду куруу башталды. Заманбап медициналык жабдуулар, анын ичинде аймактар үчүн УЗИ аппараттары сатылып алынды. Бюджеттин эсебинен эки жылда бөйрөк алмаштыруу боюнча 45 операция жасалды.

Курулуш жаатында рекорд койдук

Курулуш сектору ишенимдүүөсүштүкөрсөтүп жатканын баарыбыз байкап жатабыз. Атап айтсак, 2024-жылы 28,7%ды түзсө, 2025-жылы 29%га жетти. Социалдык объектилерди курууда олуттуу ийгиликтерге жетишилди. Быйыл 291 объект пайдаланууга берилди, анын ичинде 129 мектеп, 60 бала бакча, 26 саламаттыкты сактоо объектиси, 35 маданият жана спорт объектиси, ошондой эле башка багыттагы 41 объект. Ушул жылдын аягына чейин дагы 21 социалдык объектинин, анын ичинде 14 мектептин жана 5 бала бакчанын курулушун жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерин аяктоо пландаштырылууда. Ошондой эле турак жай маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. 2021-жылдан бери мамлекеттик ипотека менен 9 250 үй-бүлө турак жай менен камсыздалды, анын ичинен 2025-жылдын январь-ноябрь айларында эле 4 662 үй-бүлө ачкыч алды. 2025-жылы турак жай курууга 40,2 миллиард сом багытталган. Учурда 73 357 батирдин курулушу жүрүп жатат. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 1 миллиард долларга жетти. Баса, быйыл 1500 км асфальт-бетон төшөлүп, бул 2024-жылга салыштырмалуу эки эсе көп болду. Эң башкысы, Кытай–Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу иштери уланууда, ал эми Балыкчы – Кочкор темир жолунун тилкеси Кочкор шаарына чейин курулуп бүттү.

Айыл чарбасы жана спорт

Өткөн жылы айыл чарба продукциясынын көлөмү395 миллиард сомду түзүп, өсүү106,2%ды чапчыган. Быйылкы жылдын 11 айында айыл чарба өндүрүшү437,4 миллиард сомго жетип, реалдуу өсүү102%ды түздү. Социалдык маанидеги 9 продукциянын ичинен калк 6 позиция боюнча (сүт, картошка, жашылча, эт, жумуртка жана кант) толугу менен камсыздалган. 2024-жылы ирригацияга 1 миллиард сом бөлүнгөн болсо, 2025-жылдын 11 айында — 1,7 миллиард сомго жетти. Ал эми спортту мындан ары өнүктүрүүүчүн 2025-жылы Спорт боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Ушул жылы машыктыруучулардын эмгек акысы 30%га көбөйтүлдү. Спортко мамлекеттик чыгымдар туруктуу өсүштүкөрсөтүүдө. 2020-жылы Сооронбай Жээнбековдун учурунда 800 млн сом болгон. 2024-жылы 2,2 млрд сомго жетип, 2025-жылы 2,5 млрд сомго чейин көтөрүлдү.

Зулпукаар Сапанов