Оштогу Көк-Жаңгак шаарында өткөн жылы болгон өрттөн кийин үйсүз калган эки үй-бүлө жаңыдан салынган, заманбап үйлөргө көчүрүлдү. Бул иштер президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин колдоосу жана тапшырмасы менен ишке ашырылганын Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Өрттүн кесепетинен жабыр тарткан үй-бүлөлөр буга чейин эски жыгач үйдө, бир короо ичинде жашап келишкен. 2024-жылдын октябрында чыккан тилсиз жоо бат эле эки үйдү тең каптап, көп балалуу үй-бүлөлөр баш калкалай турган жайсыз калышкан.
Аталган маселе Президент менен коопсуздук кызматынын жетекчисине жеткенден кийин, алардын демилгеси менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жерине барып таанышып, жаңы үйлөрдүн курулушу башталган.
Ар бир үй-бүлөгө ылайыкташкан үйлөрдү курууга жалпысынан 10 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Турак жайлар бардык шарттары менен камсыздалып, коопсуздук талаптарына жооп берген абалда салынган. Ар биринин чатыры өзүнчө курулуп, короо-жайы иретке келтирилген.

