"Эркин-Тоо"

Өспүрүмдү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады.

Маалым болгондой, 20-декабрда саат 07:30дар чамасында Ауэзов жана Казан-Булак көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу  жөө жүргүнчүнү сүзүп,  качып кеткен. Кырсыктан 14 жаштагы С.А. аттуу өспүрүм жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү катары Toyota Prius үлгүсүндөгү автоунаанын 29 жаштагы Н.К. аттуу айдоочусу колго түшүрүлүп, тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!