"Эркин-Тоо"

«Өтүнөм жерге шашып түшпөгүлө, А жерде жашайт жалаң жалганчылар»

Владимир Маяковский “бизге мыкты жана ар түрдүү акындар керек” деп айткан эмеспи. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өткөн “Ыр өмүр” аттуу адабий-музыкалык кече улуу акындын ошол асыл сөзүн дагы бир жолу тастыктады. Ыр кечеге Кыргыз Республикасынын эл акындары Сагын Акматбекова, Карбалас Бакировдон тартып, жаңыдан адабий чөйрөгө аралашып келе жаткан жаш калемгерлер Бекмурат Келдибаев менен Мария Жумадиловалар катышып, ыр окушту. Кече адабият ышкыбоздорунун элибиздин чыгаан акыны Жолон Мамытовдун “Асирет” поэмасын көркөм окуу менен башталды.

Эч урагыс мунар курса жакшы ырдан,
Акын калкы бир өмүргө бактылуу.
Өзүбүздүн кирди-чыкты тагдырдан,
Бийик турат ырыбыздын тагдыры.

Андан соң ушул ыр кеченин башкы каарманы болгон таланттуу акын Сагын Акматбекова чыгып, өзүнүн ырларын жана котормолорун окуп берди. Анткени, кечеге келген адамдарга Сагын Акматбекованын “Күүгүмдөгү күү” аттуу китеби белекке берилди. Китептин өзү да ыр кечеде сатылган билеттерден түшкөн каражаттын эсебинен басылып чыккан. Залдагы жымжырттыкты Кыргыз Республикасынын эл акыны Карбалас Бакировдун ыр окуган айбаттуу үнү топ көгүчкөндү чочутуп учургандай болду. Карбалас Бакиров кадимки өзүнүн ыргагына салып ырларын жатка, шыр окуду. Токтогулдан кийин Сибирге “эс алууга” барып келген акындын Тайга жөнүндө жазылган ырлары окурмандардын кызуу кол чабуусу менен коштолду. Акындын “Балдар” деген ыры небак эле элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Тайлардай булуттарды айдайсыңар,
Тааланын чагылганын кармайсыңар.
Чырылдап мен жетпеген жылдыздарга,
Чымчыктай бирден конуп алгансыңар.
Көкөлөйт күнөөсүздөр жеңил гана,
Тайгада канаты бар кардайсыңар.
Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар,
Кудайга жыңайлак, түз баргансыңар.
Икардай мен асмандан кулаганда,
Илинип силер көктө калгансыңар.
Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар,
Эстүүлөр тааныганды тангансыңар.
Өтүнөм жерге шашып түшпөгүлө,
А жерде жашайт жалаң жалганчылар!

Кечени көрүп олтуруп кыргыз поэзиясынын уучу кур эмес экенине, улуу көч уланып жатканына дагы бир жолу ынандым. Эл акындарынан кийин сахнага акындар Жыпар Исабаева, Алтынбек Исмаилов, Максат Жангазиев, Нуриза Өмүрбаева чыгып эң мыкты ырларынан окуп беришти. Белгилүү манасчы Рысбай Исаковду Манас айтса керек деп күтүп олтургамын. Бирок, ал акын да экен. Өзү жазган ырларынан окуп берип, элди бир эсе таң калтыргандай болду. Акындардын ырларын ортодо музыкалык чыгармалар коштоп турду. Таланттуу обончу Түмөнбай Колдошев акын Алым Токтомушевдин сөзүнө жазылган “Карарган деңиз, агарган толкун” деген чыгармасын аткарып берди.

Кезек эми жаш акындарга келди. Садырбек Турдубек уулу, Айзат Кудайберди кызы, Бегайым Нурдин кызы, Бекмурат Келдибаев, Малика Жумадиловалар сахнанын ар кайсы бурчунан чыга калып, көпөлөктүн канатындай дилдиреген сезимтал, нукура, сезимге жык, жүрөктөн чыккан ырларын окушту. Эми аба сүйүү жыттанып кеткендей болду. Ошентип, “Ыр өмүр” кечеси жогорку деңгээлде өттү. Кечеде китептердин жарманкеси да уюштурулду.

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№39 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 16-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!