"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

ӨТӨЛГӨЛҮҮ ӨМҮР ЖОЛУНДАГЫ ЖАҢЫ ИЗДЕНҮҮЛӨР

Профессор, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, этнограф, таанымал фольклор таануучу, публицист, коомдук-маданий ишмер С.Т.Кайыповдун соңку доордогу илимий изилдөөлөрүнө саресеп.

Ушул күндөрү кыргыз журтчулугу, өлкөдөгү жалпы илимий жана маданий коомчулук, улуттук интелигенция заманыбыздын залкар илимпоздорунун бири катары эл ичине таанымал Сулайман Турду уулу Кайыповдун 70 жаш торколуу тоюн белгилеп жатышат. Илимпоз адис катары жакынкы жана алыскы өлкөлөргө аттын кашкасындай белгилүү профессор Сулайман Кайыпов ушул тапта эл алдында жашоодогу жана илимдеги татаал, жемиштүү, ары байсалдуу жолу тууралу отчет берип жаткан кези. Калайык калк илимдин дыйканы катары таанымал инсанды массалык-маалымат каражаттарынан, анын ичинен теле-радиодон, интернет баракчаларынан, публицистикалык макалалары, албетте жарык көргөн илимий эмгектери, монографиялары аркылуу угуп, көрүшүп, өзү менен баарлашып жүрүшөт. Дасыккан академиялык илимпоз, устат жана студенттер дегдеп уккан тажрыйбалуу лектор өлкөбүздөгү соңку жаңы доордогу билим системасын уюштурууну калыптандырган жетекчи катары да таанымал. Том-том болуп жарык көргөн илимий эмгектери кыргыз тилинде гана эмес, орус, түрк, англис, грек, азербайжан, кытай, кыргыз ж.б. тилдерде жарык көргөн профессор Сулайман Кайыпов өткөн кылымдын 90-жылдарында эле академиялык иштен окуу жайынын деканы, проректору (мурдагы ПИРЯЛ, ГИЯГН, кийинки БГУ), бир катар жылдар бою Эл аралык Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, Бишкектеги Чүй университетинин ректору болуп жемиштүү иштеп келди. 1995-2005 жж. аралыгында Түркиянын Ван ильчесиндеги (облусундагы) 100 жыл университетинде конок профессор болуп иштеди. 2014-2015 жж. Түркиянын Ардахан университетинде профессорлук кызматты аркалады. Учурда  80-жылдардан тартып илим жолуна түшкөн, илимпоз катары калыптанган Кыргыз УИАсына кайрылып келип, жетектөөчү илимий кызматкери болуп эмгектенип келүүдө. Илимпоздун чет өлкөдө болгон мезгилдери илимий изденүүлөрү үчүн өтө жемиштүү жылдар болгондугун белгилөөгө болот. Окумуштуу илимдеги илхамы соңку ирет дагы  ачылып, жаңы сапаттуу денгээлге көтөрүлдү. Бир канчалаган фундаменталдуу монографиялар (антологиялар, котормолор ж.б.), изилдөөлөр жарык көрдү. Профессор С.Т.Кайыпов Ван ильчесинде болгон жылдары Түркиянын Эржиш аймагындагы Улуу Памыр көйүндө (кыштагында) Афганистандан көчүрүлүп келген кыргыздардын этностук тарыхын, этногенезин, этникалык маданиятын, тилдерин, фольклорун кунт коюп, дыкаттык менен изилдеди. Эл ичинен жыйналган фольклордук жана тарыхый-этнографиялык эбегейсиз зор талаа материалдары илимий айлампага киргизилип, жыйынтыгында бизге белгилүү болгон фундаменталдуу монографиялар жарык көрдү.

Ириде, жаратканыдын пендеси “эр ортону элүү жашта” эле “ашуудан берген отчетун” бере башташат эмеспи. Арийне, турмуштук практикада инсандын, өзгөчө көп кырдуу таланттын табигый мүмкүнчүлүктөрү, илимий-интеллектуалдык толук дарамети 60-80 жаш куракта ачыла тургандыгы далилденип жүрөт. Ошондон улам, кыргыздын белдүү илимпоздорунун калайык калк арасында, илимий чөйрөнүн алдында “отчет” бериши мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алууга болот. Колунда комуз ойноткон көп кырдуу таланты бар инсан дастанчылардын, обончулардын, комузчулардын республикалык жана Эл аралык конкурстарында жюри мүчөсү катары катышып келгенин төбөбүзгө чач чыккан мезгилден бери карай көрүп, угуп жүргөнүбуз чындык. Баса, профессор Сулайман Турду уулу Кайыпов колунда комуз ойноткондон башка, өрүк жыгачынан комуз, кашык, кесе ж.б. үй оокатына керек болгон буюмдарын да чабарын билебиз. Музыка жана жыгаччылык (устачылык), сөзмөрлүк өнөрлөрү ата-бабаларынан берилгенин бул инсандын өз оозунан укканыбыз бар. Алгачкы адистиктери фольклорчу жана фольклор жыйноочу болгондуктан сөздү жамактатып айтканын да көрүп жүрөбүз. Сөзмөрлүгү, чукугандай сөз тапкандыгы, жамакчылыгы, бачым жерден ыр саптарын токуй койгондугу илимпоздун интеллектуалдык жогорку денгээлин чагылдырары ырас. Окумуштуунун искусствого, музыкага болгон терең мамилеси көркөм сөз табитинен да байкалып турат. Анткени, фольклор, этнография илимдерин көп кырдуу искусство илимисиз элестетүү кыйын. Оболу, гезит окурмандарына Сулайман Турду уулу Кайыпов тууралу азын-оолак маалымат бере кетели:

Фольклорчу-этногрaф, тилчи, текстолог, жазуучу-публицист, котормочу, журнaлист, филология илимдеринин кaндидaты, профессор, тaрыx илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Сократ атындагы эл аралык сыйлыктын (SOCRATES INTERNATIONAL AWARD) лауреаты, Европa Ректорлор Клубунун (THE CLUB OF THE REKTORS OF EUROPE) мүчөсү, коомдук ишмер Сулайман Турду уулу Кайыпов Сузак районунун Ак-Тоок айылында 1952-жылы 15-июлда туулган. 1970-жылы Кыз-Көл орто мектебин аяктап, 1975-жылы СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин Кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүрүп, “Филолог. Кыргыз тили жана адабияты окутуучусу” адистигине ээ болгон. Болочоктогу илимпоз жана жетекчи эмгек жолун 1975-ж. Кыргыз ССРнин Мамлекеттик китеп палатасында библиограф, кийин Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштөө менен баштаган эле. 1975–1978-жж. кыргыз адабияты жана фольклору боюнча макалаларды жарыялап, ал түзгөн “Эл ырчылары” аттуу алгачкы китеби 1980-жылы Фрунзе шаарындагы “Кыргызмамбастан” басылып чыккан.

1978–1980-жж. СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунун Оозеки чыгармачылыкты изилдөө бөлүмүндө такшалмадан өтүп, 1981–1984-жж. ошол эле институттун аспирантурасында окуган. 1985-жылы москвалык белгилүү чыгыштаануучу, фольклорчу жана адабиятчы, профессор Халык Гусейнович Короглунун илимий жетекчилиги астында “Эр Төштүк” жомогунун көркөм сүрөттөө каражаттары (кыргыз жана башка түрк тилдүү элдердин версиялaрынын мисалында)” аттуу кандидаттык диссертациясын коргогон. Жаш окумуштууга Москванын илимий дүйнөсү, интеллектуалдар чөйрөсү зор таасир калтырган. Дүйнөлүк аты бар белгилүү илим адамдары менен болгон мамилеси, аспиранттык турмуш, жаштык жана илимге умтулган кыргыз жаштары тууралу айткандарын угуп калганыбыз бар. Москвада орус тилинде жакталган диссертациянын негизинде “Проблемы поэтики эпоса «Эр Тёштюк»: Часть 1. Гипербола. Сравнение / Под ред. проф. X. Г. Короглы. – Ф: Илим, 1990. – 318 с. аттуу фундаменталдуу монографиясы жарык көрүп, учурда да өз актуалдуулугунан айрылбаган үстөл үстүндө туруучу, дайыма колдонулуучу илимий эмгек болуп калды. Арадан бир жыл өткөндөн соң “Тоголок Молдо: Изилдөөлөр. Эскерүүлөр”. – Бишкек: Адабият, 1991, аттуу академиялык китеби жарык көрдү.

1985–1991-жж. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, улук илимий кызматкер жана сектор башчысы болуп, эки китептин, ондогон илимий макалалардын автору, бир катар илимий эмгектердин жооптуу жана адис редактору болгон. 1992–1995-жж. Бишкек гуманитардык университетинде Түркология факультетинин деканы, биринчи проректор кызматтарында иштеп, “Кыргыз эл ooзeки чыгармачылыгы”, “Кыргыз акындар поэзиясы”, “Манастаануу”, “Жалпы филологияга киришүү” сабактары боюнча лекцияларды окуп, текстология, булак таануу, библиография сыяктуу илимий тармактар боюнча адистештирилген курстарды өткөргөн. Профессор С.Т.Кайыпов 1997-2007-жж. Чүй мамлекеттик университетинин чет элдик байланыштар боюнча проректору кызматын аркалоо менен бирге, Түркия Республикасынын Вaн шаарындагы Жүзүнчү Жыл университетинин Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин Түрк тили жана адабияты бөлүмүндө aлгaчкы жылы доцент, aндaн кийин профессор болуп иштеп, “Түрк элдик оозеки чыгармачылыгы”, “Жаңы түрк жазуу тилдери”, “Түрк баатырдык жомоктору”, “Жомок поэтикасы”, “Текстология негиздери”, “Түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы”, “Кыргыз тили”, “Казак тили” жана “Өзбек тили” сабактарын окуткан. Ван шаарындагы 100-жыл университетинде иштеген жылдары “Башталгычтан бүгүнкүгө чейинки Түркия түрк адабияты антологиясын” (Анкара, 2004, 704 б.) кыргыз тилине которгон жана китептин редактору болгон. 2005-жылы Aнкaрaдa басылып чыккан “Кыргыз адабиятынын антологиясынын” эки томдугун түзгөн.

С.Т.Кайыпов 2012-ж. “Түркияда жашаган Памир кыргыздарынын тамак-аш маданияты: тарыхый-этнографиялык изилдөө” (XX к. аягы – XXI к. башы) аттуу темада 08.00.02 – Ата Мекен тарыхы; 07.00.07 – этнография, этнология жана антропология адистиктери боюнча тарых илимдеринин докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

Профессор С.Т.Кайыпов кыргыз этнографиясын, тарыхын, фольклорун, диалектологиясын, санжырасын, тилин, салттуу маданиятын терең билген Кыргызстандагы сейрек окумуштуу, эмгектерин орус, түрк тилдеринде эркин жазат. Илимдер академиясында илимий кызматкер, сектор башчысы болуп иштеген жылдары эл ичин кыдырып маалымат жыйнаган, анын үстүнө институтунун Кол жазмалар жана аны сактоо бөлүмүндөгү баалуу материалдардын баары тең илимпоздун колу аркылуу өтө турган. Илимпоз агабыз илим сересиндеги баралына келип турган учуру. Доор алмашып жаткан учурдагы кыргыз үчүн керек болгон фундаменталдуу эмгектерди жараткан агабызга бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо, илимий жааттагы үлкөн ийгиликтерди жарата берүүсүнө тилектешпиз.

Олжобай Каратаев, профессор, тарых илимдеринин доктору;

Болотбек Апилов, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык

курулуш башкармасынын жетекчисинин орун басары

 

 

№87 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 31-октябры