"Эркин-Тоо"

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча экономика өсүшкө жетти

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. Маалыматта “ Өткөн жылдын январь-декабрь мезгилине карата ички дүң продукт алдын ала баа боюнча 723 миллиард сомду түздү жана 2020-жылдын январь-декабрь мезгилине салыштырганда 3,6 пайызга жогорулады. Ички дүң продуктун көлөмү “Кумтөр” кенин иштетүүчү ишкананы эсепке албаганда 668 миллиардга жакын сомду түздү жана 3,9 пайызга жогорулады. Ал эми өнөржай продукциянын көлөмү 357 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын январь-декабрына салыштырганда 9,0 пайызга көбөйдү”, -деп белгиленген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!