"Эркин-Тоо"

Өзүм Кыргыз өлкөсүндө жүрүп, оогандагы жакындарымды ойлосом дүнүйөм куруп жатат… Ооганстандык Мухаммаддын маеги

Акыркы 12 жылдан бери Кыргызстанда жашап, билим алып жүргөн ооганстандык студент Мухаммад Исаак Шафак “Эркин-Тоо” газетасынын редакциясына келип, Ооганстанда орун алган окуялар, “Талибан” кыймылынын бийликти басып алуусу, жергиликтүү элдин учурдагы абалы тууралуу айтып берди.
“Апам 78 жашта. Ал бир туугандарым менен Ооганстандын Фарьяб шаарына жакын жайгашкан Биден-Шериф кыштагында талибдерден жашынып күн кечирүүдө. Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарын бир жуманын ичинде талибандар басып аларын эч ким күткөн эмес. Тилекке каршы, үй-бүлөм өлкөдөн чыгып кетүүгө жетишкен жок. Алар менен телефон аркылуу сүйлөшүп, акыбалдары тууралуу билип турам. Кыргызстандын окуу жайларында билим алып, Ооганстанда мамлекеттик кызматтарда иштеген досторум бар. Талибандар мамлекеттик структураларда иштегендерге издөө жарыялаптыр. Алардын тагдырлары эми кандай болот? Талибдер акылга сыйбаган аракеттерди жасап жатышат…”, — дейт ал.

Мухаммад Исаак Шафак Кыргызстанга мындан 12 жыл мурда студент болуп келген. Ал Эл аралык Ататүрк-Алатоо университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүн аяктап, учурда К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин аспирантурасында билимин улантууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!