Учурда мамлекетибиз өнүгүүнүн бийик ыргагына түшүп, чар тарапта курулуштар жүрүп жатканына күбө болуудабыз. Былтыр так ушул июль айында биздин өлкөгө келген Улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Президент Садыр Жапаров менен жолугушканда өз баасын берип, “Кыргызстанга мурда бир нече ирет келип кеткем. Бирок, мындай динамиканы эч качан көргөн эмесмин. Сиздин өлкөңүз мурда уктап жаткан сулуу болсо, азыр чуркаган күлүккө айланыптыр” деген эле. Бул биздеги өнүгүүгө карата өзүбүздүн ичибиздеги эмес, сырттан караган адамдын көз карашы болгон.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бийликке келген күндөн тарта негизги максаты – бакубат Кыргызстанды куруу экенин ар дайым баса белгилеп, изги тилекке жетүү үчүн тынымсыз аракеттерди көрүп жатат. Эч ким калп айттырбайт, эгемендик алгандан берки тарыхыбызда кыймылга келбеген иштер аткарылып, артта калган төрт жылдын ичинде жүздөгөн ишканалар, социалдык объектилер, ири имараттар курулду. Азыр да өз ыргагы менен жүрүүдө. Бул аракеттер биздин экономиканы көтөрүүдө. Бюджет тынымсыз өсүп жатат. Ички дүң продукция 1,5 триллион сомдон ашты. Артка кылчайсак, 2020-жылы ИДП 7,1 пайызга төмөндөгөн. Маселен, 2020-жылы 601,9 млрд, 2021-жылы 723,1 млрд, 2022-жылы 919,4 млрд, 2023-жылы 1,3 триллион сом болгон. Быйылкы жылы анын көлөмү бир триллион сегиз жүз миллиард сомдон ашат. Алдын ала болжолдоолор боюнча 2027-жылы ИДП эки триллионго жетет. Ал эми бюджет 2020-жылы 247 миллиард сом болсо, төрт жылда үч эсеге өсүп, 700 млрд сомдон ашты.
Бул ийгиликтерге таза башкарууну орнотуу, коррупцияга болгон катаал күрөштү жүргүзүү, элдин байлыгын кайтаруу аракеттеринин натыйжасында жетишилди. 2020-жылдан бери жемкорлорго карата буга чейин болуп көрбөгөндөй аёосуз түрдөгү күрөш жүрүп жатканын билебиз. Өзгөчө эки жылдан бери кекиртеги булганган мамлекеттик кызматкерлерди жазалоо жана элдин байлыгын кайтаруу иши өкүм сүрүүдө. Жакынкы күндөрдө эле элдин энчисин кемирген бир топ аткаминер кармалды. Албетте, ири күрөш Садыр Жапаров “эки тизгин бир чылбырды” колго алган күндөн башталып, 30 жылдык коррупциянын туу чокусундагы “Кумтөр” кайтарылды. Бул оңойго турган жок. Тышкы башкаруу киргизип, ишкананын бардык пайдасы өзүбүзгө түшө баштаган күндөн тарта канадалык шылуундар түрдүү чабуулдарга өттү.
Арабыздагы карөзгөйлөр, тили менен буудай кууруган саясатчылар туш тараптан чыгып ажылдап, узак жылдарга созулган соттук иштер уланарын, биз баарыбир эл аралык соттон утулуп каларыбызды айтып какшап жатышты. Өзүбүз ишкананы иштете албай тургандыгыбызды да белгилеп, жыйынтыгында “Кумтөр” банкрот болорун болжолдогондор чыккан. Бирок, Садыр Жапаров беттеген жолунан кайра тартпай, кыраакылыгы менен караңгыдан жол таап чыкты. 2022-жылдын 4-апрелинде шылуундардын колунда калган эң чоң улуттук байлыгыбыз болгон “Кумтөр” алтын кени Кыргызстандын энчисине тийди. Биздеги кекиртеги таза эмес экс-президенттерди сатып алган канадалык шылуундар дооматын артып, дүйнөлүк сотко арызданып, болгон аракетин кылышты. Кыргыздын арасында сатылбай турган кыраандар бар экенин билгенден кийин чегинүүгө аргасыз болушту.
Ошентип, эчен жылдан бери чет элдиктердин саан уюна айланган “Кумтөр” кыргыз элине кызмат кыла баштады. Төрт жылдагы таза кирешеси 1 млрд 174 млн долларды түздү. Аны жылдарга бөлүп карасак, 2021-жылы 233,1 млн доллар, 2022-жылы 371,7 млн доллар таза киреше түшсө, 2023-жылы 302,4 млн долларга жеткен. 2024-жылдагы жалпы кирешеси 989 млн доллардан ашты. “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчиси Бузурман Субанов 19-июлдагы металлургдардын кесиптик майрамында быйылкы жарым жылдыкта “Кумтөрдүн” өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн таза киреше 13,3 млрд сомго жеткенин билдирди. Демек, жылдын аягына чейин киреше мол болору көрүнүп калды.
“Кумтөрдөн” түшкөн каражаттын баары бүгүнкү күндө өлкөбүздүн өнүгүшүнө жумшалууда. Бюджеттин буга чейин болуп көрбөгөндөй көтөрүлүшү, ИДПнын өсүшү мына ушуга байланыштуу. Мисалы, мурунку учурду карасак, “Центерра” иштеткен маалда бир жолу гана киреше түшүп, 200 миллион сомдук дивиденд төлөгөн. Ошондо бийликтегилер мактанып, “тарыхта биринчи ирет дивиденд алдык” деп көкүрөк какканын көргөнбүз. Эл деле “200 миллион сом эмне деген акча” дешип, тамшанганын билебиз. Бирок, 2020-жылдагы элдик толкундан кийин Раим Матраимов бир эле «окшуганда» “Кумтөрдүн” дивидендинен 10 эсе көп, 2 млрд сом “кусуп”, мамлекетке төгүп берди. Экинчи ирет кармалганда андан дагы көп каражатты, ондогон мүлктөрү менен кошо өткөрдү. Тактап айтсак, “Кумтөр” 200 миллион сом дивиденд төлөсө, Матраимов жалгыз өзү 200 миллион доллар төлөдү. Бул 17 млрд сомдон ашык каражат.
Кенди мамлекет өз колуна алгандан бери кабагым-кашым дебей ийгиликтүү иштетип жатат. Мына быйыл беш жыл болду. Баягы “иштете албайт” деп ооз чойгондордун бүгүнкү күндө аты да, жыты да жок. 2021-жылы 14,5 тонна, 2022-жылы 17,3 тонна, 2023-жылы 13,5 тонна, 2024-жылы 12,552 кг алтын өндүрдү. Артка кылчайып, өткөн күндөрдү карасак, кен байлыкты чет элдик компания иштеткен 28 жылда 420 тонна алтын казылса, анын 1 граммы дагы Кыргызстанга калган эмес. Бардыгын сыртка ташып кеткен. Бул жерде чоң кыянаттык иш жатат. Муну эч качан унутпашыбыз керек. Канадалыктардын бузуку иштерин калкалап, эл байлыгын тоногонуна шарт түзүп берген экс-президенттердин баары эртеби-кечпи сот жообуна тартылышы керек. Алтындарды кайтара албасак дагы, келечек муунга сабак болгондой кылып, укуктук жазасын беришибиз шарт.
Ушул жерде бир чындыкты ачык айтып кетишибиз керек, эгер 2020-жылы кыргыз журту көтөрүлүп чыгып, элдин оозунда айтылгандай эки дос бийлик башына келбегенде, “Кумтөр” кени кайтмак эмес. Муну бөркүбүздөй эле көрсөк болот. Бүгүн дагы уурдала бермек, өнүгүүгө карай багыт ала албайт болчубуз. Бүгүнкүдөй жемкорлорго каршы күрөш жүрбөй, мамлекеттик мүлктөр кайтпай, ууру-кескилер адатынча талап-тоной бермек. Албетте, андай адилетсиздикке кыргыз чыдабай, кайра-кайра төңкөрүшкө чыгып, башаламан будуң-чаң болгон абал уланмак. Улам кайталанган революциялар экономиканы талкалап, өлкөнүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизмек. Бактыбыз бар экен, Кудайдын колдоосу менен көкүрөгүбүз көтөрүлө баштады. Өз жолубузду таап, экономикабыз өр тартып, өнүгүү жолуна түштү.
Зулпукаар Сапанов