"Эркин-Тоо"

Өзбек-кыргыз жазуучусу Рахим КАРИМ: “Мен котормочуларды, сокурларды жетелеген адамдарга окшоштурам”

— Сиз менен көркөм котормо жөнүндө кененирээк баарлашсамбы дейм. Көркөм котормонун негизги максаты кайсы? Өзүңүздүн тажрыйбаңыздан улам айтсаңыз, орто чыгарма деле мыкты котормочунун колунан жакшы чыгармага айланат деген көз караш бар. Ушул туурабы?

— Котормочулук чоң санат. Мен котормочуларды, сокурларды жетелеген адамдарга окшоштурам. Башка тилде жазылган ырга, же аңгемеге бул тилди билбеген адам канчалык карабасын, аны ошол эле сокур адамдай көрө албайт. Ушундай адамдарга жардам берүү максатында мен өзүм жакшы билген тилдерге башка тилдерден чыгармаларды которуп, алардын көзүн ачып, жакшы иштерди жасап, сооп алгым келет. Бир улутту экинчи улут менен, бир маданиятты башка бир маданият менен байланыштырууга аракет кылып, достук көпүрөлөрүн курууга умтулам.

Эл билиши керек болгон чыгармаларды чет элдик же ата мекендик жарандарга тезирээк жеткирүүгө аракет кылам. Мисалы Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматовдун “Мухаммед пайгамбар” дастанын өзбек жана орус тилдерине, Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровдун “Мейман” повестин өзбек тилине, “Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер” Таш Мияшовдун “Махабат менен коштошуу” повестин, акын Кармышак Ташбаевдин «Бийик жердин балдары» аттуу ырлар жыйнагын өзбек тилине, жазуучу Сапар Абыловдун “Көрүстөндөн кайткан аял” повестин, “Алтын кепич” жомоктор китебин, жазуучу Төлөн Жолдошевдин “Манас” романын өзбек тилине, баткендик жазуучу Аскаралы Ражабалиевдин «Мусаапыр» аттуу повесттер жыйнагын орус тилине, акын Маркабай Ааматовдун ырларын өзбек тилине которгом. Ошондой эле кыргыз классиктери Алыкул Осмонов, Жолон Мамытов, Абдирашит Урбаевдун ырларын өзбек, орус жана англис тилдерине которуп, бир топ чет өлкөлүк сайттарда жарыяладым.

Мындан тышкары Өзбекстандын Баатырлары, Өзбекстан эл акындары Абдулла Ариповдун эки томдук ырлар, дастандар жана драмалар жыйнагын, Эркин Вахидовдун ырларын кыргыз, орус жана англис тилдерине, Өзбекстан эл акындары Аман Матчан, Халима Худайбердыева, Мухаммад Юсуф, акындар Равшан Файз, Фарида Афроз, Дилбар Хайдарова, Гулчехра Шахабидин кызы, Адыл Икрам, Мухаммад Исмаил, Алым Осаров өңдүү акындардын ырларын орус жана англис тилдерине, өзбек поэзиясынын классиктери Алишер Навои, Захириддин Мухаммад Бабур, Бабарахим Машраптын казалдарын, рубаилерин кыргыз, орус жана англис тилдерине котордум.

— Бир тилден экинчи тилге оодарып жатканда кандай кыйынчылыктар көбүрөөк кол байлайт? Которгонго белсенген тилдеги чыгарманын мыкты чыгышы үчүн эмнелерди билүү же үйрөнүү керек деп ойлойсуз?

— Бир тилден экинчи тилге которууда эң кыйын нерсе – автордун стилин, деңгээлин, маанисин сактап калуу. Котормочу котормодо ийгиликке жетүү үчүн адегенде ошол тилде эркин сүйлөгөн жана ошол деңгээлдеги акын же жазуучу болушу керек. Анын жогорку филологиялык билимге ээ адис жана бул кесипте көп жылдык тажрыйбасы болушу абзел.

— Сиз башка авторлор менен кандайча иштешесиз? Алардын чыгармалары сизге жакканы үчүн которосузбу, же ар кандай зарылдыктан уламбы?

— Мен авторлордун өтүнүчү боюнча алар менен оозеки иштешем. Бирок мен абдан начар менеджермин. Ушул күнгө чейин аткарган котормо иштерим үчүн төлөнүүсү керек болгон калем акынын 90 пайызын ала элекмин. Мунун көптөгөн себептери бар. Мен алардын артынан чуркап калем акымды талап кыла албайм. Бул менин мүнөзүмө туура келбейт. Буга убактым да жок. Кээ бир чет элдик авторлор чыгармаларын кыргыз, өзбек, орус тилдерине которуп, басып чыгарууга көмөк көрсөтүүмдү суранышат. Мен аларга калыс жардамдашуудан баш тартпайм. Алардын өздөрүн бактылуу сезиши үчүн колумдан келген бардык жардамды көрсөтөм. Кудай каалабаса мени алар менен жолуктурмак эмес деп ойлойм. Кыскасы, котормочулук менен зарылчылык үчүн алектенбейм. Мага котормо менен иштөө абдан жагат. Жогоруда айткандай, мүмкүн болушунча “сокурлардын” көзүн ачкым келет. Мен көбүнчө кайрымдуулук үчүн иштейм. Себеби, мен адабиятка акча табуу үчүн келген жокмун. Эгерде китептеримди сатууга туура келип жатса, буга мен күнөөлүү эмесмин. Буга мезгил, заман айыптуу деп билем.

Кийинки сурооңузга келсек, өзүмө жакпаган же окурманга эч кандай таасири тийбеген чыгармаларды которбойм. Мага канча акча сунуштаса да. Анткени менин максатым которуу жолу менен акча табуу эмес, жогоруда айткандай адамдарды руханий жактан байытуу, маданияттарды бириктирүү. Элибизде ушундай кеп бар эмеспи: “Казанда болсо, чөмүчкө чыгат” деген. Чыгармада эчтеке жок болсо, аны мыкты котормочу да кооздоп, жакшырта албайт деп ойлойм. Кээ бир котормочулар ушундай кылса, алар адабиятка чыккынчылык кылып жатышат деп ойлойм. Мунун баары ар кимдин өз абийирине байланыштуу. Бирок, мындай көрүнүшкө мен таптакыр каршымын.

Ризван ИСМАИЛОВА
№3 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!