"Эркин-Тоо"

Өзбекстанда абактан качып кеткен жарандар Сузактан кармалды

Өзбекстанда абактан качып чыккан жарандар Сузак районунан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-январда милицияга Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынан 2 жаран мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Сузак РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Өзбекстандын Андижан облусунун тургуну 1986-жылы туулган К.А. жана Фергана облусунун тургуну 1992-жылы туулган Н.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Териштирүү учурунда Өзбекстандын жарандары мурда бир нече жолу соттолушкандыгы, акыркы жолу өз өлкөсүндө адам өлтүрүү менен соттолушуп, Жиззах облусунда жазасын өтөп жатышкан жеринен качып, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүшкөндүгү аныкталды. Бүгүнкү күндө Өзбекстан тарабынан аларга карата издөө жарыялангандыгы белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!