"Эркин-Тоо"

Өзбекстанда дары ичип каза болгон балдардын саны 20га жетти

Өзбекстанда индиялык компаниянын сасык тумоого каршы дарысын ичип каза болгон балдардын саны 20га жетти. Өткөн жылдын аягында Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги индиялык “Doc-1 Max” дарысын ичкен 18 бала каза болгонун билдирген. Лабороториялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө дарынын курамынан уулуу этиленгликоль заты табылган. Өзбек мамлекеттик коопсуздук кызматы буга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, дарыдармекти стандартташтыруу боюнча өлкөнүн тийиштүү өкүлдөрү камакка алынган. Күнөөлүү деп табылгандар 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылуусу мүмкүн. Бул окуядан кийин Индиянын фармацевтикалык компанияларынын бардык дары-дармектерин Өзбекстанга сатуу токтотулган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!