Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү 2024-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият министрлери Алтынбек Максутов жана Озодбек Назарбековдун жолугушуусунда айтылды.
Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Алтынбек Максутовдун 9-10-ноябрь күндөрү Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын маданият күндөрүн 2024-жылга жылдырууну жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эки мамлекеттин дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштурууну макулдашты.
Алтынбек Максутов Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Балдарды коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулган “Балдар жана жаштар — Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүлүшү” эл аралык форумуна катышты.
Эске салсак, Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына белгиленген болчу.

